Биз менен байланышыңыз

Октябрь райондук соту Хашим Зайналиевди бошотту

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 684 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту элдик табып Хашим Зайналиевди бошотту. Ага козголгон иш токтотулду.

Буга чейин Зайналиевге Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси боюнча иш козголгон. Бүгүн, 21-январда Октябрь райондук сотунда анын иши каралды.

Хашим Зайналиев “алдамчылык” беренеси боюнча айыпталып, №1 убактылуу кармоочу жайга камалган. Өткөн жылдын ноябрь айында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда кыз түшкөн. Кийинчерээк ал кызды ата-энеси дарылоонун ордуна, табыпка алып барып жүргөнү аныкталып, анын кесепетинен кыздын абалы оорлошконун дарыгерлер айтып чыгышкан.

Буга чейин Зайналиевге карата нааразычылыктар болгону менен, ага карата иш козголбой келген. Анткени жабырлануучулар тарабынан арыз жазылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM