Биз менен байланышыңыз

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер кимдер?

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 456 | 0

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде «Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому каралат.

Жогорку Кеңештин расмий сайтына маалымдалгандай, жыйынга КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Атыркуль Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев чакырылган.

Ошондой эле КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев катышат.

Белгилей кетсек, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору кызматына сынак жарыяланды. 2019-жылдын 19-мартында телеканалдын учурдагы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM