20-январда айрым аймактарда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкусүн -4…+1, күндүз +4…+9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+4
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -10…-15;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6.