Биз менен байланышыңыз

Курулушу бүтпөй турган мектеп ишке берилди

Коом | 18 Янв 2019 | 822 | 0

Ѳлкө боюнча 2 200дөн ашык  мектеп бар болсо, анын  193ү авариялык абалда. Мугалимдердин жана окуучулардын коопсуздугу үчүн «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында курулушу бүтпөй турган имараттарды толук бүткөрүү маселеси каралууда.

Бизге эки кабаттуу жаӊы заманбап мектеп курулду. Анын алды жагында кафель төшөлүптүр, ички жасалгасы мага абдан жакты.

-Мурда биз эски мектептен билим алып келсек, жаӊы мектептен жакшы окууганга аракет кылабыз. Класстын ичинде мурда биз колдонбогон кол жуучу жайлар, ажатканалар бар экен. Ошондой эле спорт залы салыныптыр. Эми мындан ары күн суукта имараттын ичинде ойнойбуз деген ойдобуз.

-Эски мектептен билим алганда деле китептер жетиштүү болчу. Кантсе да эскилиги жеткен мектеп эле. Салынып баштаганда эле ачыла калат деп кубанганбыз. Бирок арадан 5-6 жыл өтүп ачылуу аземи ушул жылга туш келди.

Окуучуларды шаттандырган кубанычтуу күн Ак-Суу районунун Каракол Совхоз айыл аймагынын Чолпон кыштагында орун алды. Жеткинчектердин мыкты билим алууга умтулуусунун себеби мурдагы мектеп авариялык абалда болсо, эми жаӊы имарат тургузулду. Бул көз ирмемди 6 жылдан бери күтүп, бир катар түйшүктүү башынан өткргөнүн мектептин мүдүрү Жумабүбү Абдубалиева айтып берди.

-Мектебибиздин биринчи имараты 1968-жылы курулса, жер титирөөдөн кийн экинчи мектебибиз 1978-жылы ишке берилген. Эки имаратка теӊ 50 жылга жакын убакыт болгондуктан абдан эски абалда эле. Полдору, дубалдары чирий баштаган. Андан сырткары жылытуу системасы да канааттандыраарлык эмес болчу. Окуучулар үчүн класстык бөлмөлөр тар, санитардык талапка туура келбей калган. Мындай шартта окуучулар бир партага 3төн отуруп кыйналып келишкен.

2012-жылы 225 орунга ылайыктуу жаӊы билим берүүчү мекеме куруу демилгеси көтөрүлгөн. Ага Түркия мамлекети 28 миллион сом грант берген, ошондой эле республикалык бюджеттен 28 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери башталган. Бирок иш 6 жылга созулуп кеткен. Жыл башы менен жаӊы мектеп спорт зал, ашкана, архивдик бөлмөлөр, ички ажатканаларды камтыган заманбап үлгүдө бүткөрүлгөнүн Ысык-Көл облусунун жетекчиси Акылбек Осмоналиев белгиледи.

-Курулуш иштери биринчи башталганда ар кандай шарт болот. Адегенде муктаж болгон жерлерди эсептебей туруп имараттарды баштап алабыз. Ал бир жылда эле бүтө калбайт, чөнтөгүӊдөгү жылкыга карап ышкыр деген сөз бар эмеспи. Чындыгында муктаж жерлер абдан көп болот. Бул маселени билим берүү министрлиги так караганы менен  ар бир депутат өзүнүн айылына бүткөрүүнү каалашат. Эми Ак-Суу районундагы мектеп боюнча сөз кылсак, негизгиси акчанын булагы табылды. Жыл башында окуучлар жакшынакай мектепке кирип жатышат.

Эми буга кошумча облустагы 8 авариялык имаратты куруу планы турат. Ошондой эле Кыргызстан боюнча билим берүү тармагында 193 имарат жараксыз абалга келгендиги аныкталса, «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата четинен бүткөрүү зарылчылыгы бар. Бул боюнча билим берүү министрлигинин статс катчысы Жапаркул Ташиев маалымдады.

-Кыргызстандагы авариялык абалдагы мектептердин ордуна курулушу бүтпөй турган имараттар бар. Эми президенттин жарлыгына ылайык, 70% бүтпөй турган билим берүүчү мекемелерди бүткөрөлү деп чечтик. Булар колго алынган соӊ, кийинки планды этап менен салууну туура көрүүдөбүз.

Айта кетсек, Ысык-Көл аймагында жалпы 192 орто мектеби бар болсо, акыркы 2012-жылдан бери   28 орто билим берүүчү жай жаӊыланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM