Биз менен байланышыңыз

КТРКнын директорлугуна сынак жарыяланды

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 630 | 0

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору кызматына сынак жарыяланды. Бул тууралуу каналдын расмий сайтына жазылды. 2019-жылдын 19-мартында телеканалдын учурдагы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аяктайт.

Мыйзамга ылайык, КТРКнын башкы директор 4 жылга шайланат. талапкерлердин жогорку билимдүү, мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет.

5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, теле менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү жана түшүнүп-баамдоосу зарыл.

Тийиштүү документтер 2019-жылдын 18-февралына чейин кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM