Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкерлери журналисттерден кечирим сурады

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 610 | 0

Бишкектеги митинг учурунда журналистти кармап кеткен милиция кызматкерлери журналистерден кечирим сурашты.

Бишкек шаардык ИИББнин башчысынын орун басары Эрлан Атантаев билдиргендей, митинг учурунда журналистти автобуска отургузганда анын журналист экенин билгенден кийин акайра түшүрүү мүмкүн болбой калган. Биринчи май райондук ИИБнин имаратына барганда кечирим сурап дароо кое беришкен.

Ошондой эле журналисттин эч кандай кызматтык өзгөчөлүгү болбогонун билдиришти. Бирок ал иштеген ЖМК журналист кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүн билдирүүдө.

Бүгүн, 18-январда бир топ журналист Бишкек ШИИББнин имаратынын алдына чогулуп, милициянын митингди чагылдырган журналисттерди кармоосуна каршы болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM