Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдүн» жумушчуларынын айлыгы жогорулайт

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 784 | 0

2019-2020-жылдары “Кумтөр” ишканасынын жумушчуларынын айлык акысы 10 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Тоо-металлургдар профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

Маалыматка ылайык, эмгек жамааты менен «Кумтөр Голд Компани» мекемесинин ортосунда алдыдагы эки жылга келишим түзүлгөн.

Ага ылайык, кызматкерлердин окладынын тарифтери быйыл 1-январдан тарта 10 пайызга жогорулайт. Ошондой эле компания 2018-жылдын жыйынтыгында кызматкерлерине ар бирине 70 мин сомдон сый акы берген. Бул максатта жалпы 3 млн доллар сарпталган.

Мындан тышкары, жумушчу ооруп калса, ал жылына материалдык жардам катары 50 миң сом ала алат. Ал эми балалуу болгон аялдарга 30 миң сом төлөнөт. Баласын кароо үчүн эмгек өргүүгө кеткен аял баласы 1,5 жашка чыкканча ай сайын беш миң сомдон алып турат.

Жумушчуга стажына жараша маяна чегерилип, кварталдык сый акы берилет. Инфляция, девальвацияга жараша дагы айлык акы индексацияланат.

Copyright © 2017 Maral FM