Биз менен байланышыңыз

Журналисттер Бишкек милициясынын алдына митингге чыгышты

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 834 | 0

Бишкекте Super.kg жана Next.tv каналынын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдына митингге чыгышты.

Алар борбордук аянтта кытайларга каршы өткөн митингди чагылдыруу учурунда Next.tv каналынын журналистин милиция кармап кеткенине нааразылык билдиришти.

Журналист өз ишин аткарып жатканда милиция кармап кетпеши керек. Журналисттер да күч түзүмдөрү сыяктуу олпурталдуу учурларда өз милдетин аткарат. Сөз эркиндиги эч качан басымга алынбашы керек. 

Эске салсак, 17-январда Бишкекте мыйзамсыз жүргөн кытайларга каршы митинг өткөн. Анда окуяны чагылдырып жүргөн журналистти милиция башка мыйзам бузган митингчилер менен кошо кармаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM