Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Албек Ибраимовго дагы бир айып тагылды

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 774 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети экс-мэр Албек Ибрамовдун «ТНК «Дастан» ишканасына тиешелүү «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100 пайыз акциясын арзан баада сатып жибергенин кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Ибраимов Кылмыш кодексинин «кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу» боюнча шектелүүдө.

Албек Ибраимов Президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеп турган кезде «ТНК «Дастан» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Ю.В. буйрук берип, «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100% акциясын төмөндөтүлгөн баа менен саттырган. Анын кесепетинен мамлекетке 82 млн 750 миң 556 сом зыян келтирилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө “Күнөстүү жээк” пансионатынын учурдагы ээси М.Б. 82 млн 750 миң 556 сомду бюджетке кайтарды.

Copyright © 2017 Maral FM