Биз менен байланышыңыз

Жылуулук менен жабдуу долбооруна 46 млн доллар бөлүнөт

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 523 | 0

Жогорку Кеңеште «2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

«Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу» долбоору жылуулук менен жабдуунун эффективдүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган, ага Дүйнөлүк банк жалпы 46 млн доллар бөлөт.

Долбоор үч компоненттен турат, 1-компонент Бишкек шаарын борборлошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун сапатын жогорулатууга багытталган. Ага 31 млн доллар каралган, 2-компонент үй-чарбалардагы эффективдүү жана экологиялык таза жылытуучу мештерди борборлошкон жылуулук жабдууну кошпой киргизүү боюнча улуттук программаны жүзөгө ашырууну камтыйт. Ага 5 млн доллар бөлүнөт. 3-компонент коомдук имараттардын энергиялык эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган, ага 10 млн доллар каралган.

Талкууда жылытуучу мештерди алуу маселеси өзгөртүлүп, бул багытка каралган 5 млн доллар жылуулук менен жабдууну жакшыртуунун башка жолдоруна багытталары такталды. Эл өкүлдөрү насыя менен 50% грант максаттуу  пайдаланылышы керектигин белгилешти.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM