Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Митингде кармалгандар 3 мин сомдон айып пул төлөшөт

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 522 | 0

Бишкектеги Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, мыйзам бузду деп милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 21 киши бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында митингчилер «Тартип бузуу» кодексинин негизинде кармалып, коомдук тартипти бузду деп айыпталды. Алардын баарына 3 мин сомдон айып пул салынды.

Ошондой эле мындай мыйзам бузуулар кайталанбашы үчүн профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Бүгүн түшкө жакын Ала-Тоо аянтында эл чогулуп өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандары жана жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдарга каршы талап менен митинг өткөрүшкөн. Митинг саат төрттөр чамасында күч органдарынын таратуусу менен аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM