Биз менен байланышыңыз

Депутат: Кытайларга каршы толкун Казакстан менен Орусиядан келди

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 438 | 0

Казакстан менен Орусияда кытайларга каршы толкундоолор болуп,  бул агым Кыргызстанга да келди. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында билдирди.

«Өкмөт маалыматтык согуштан утулуп жатат. Аткаруу бийлигине жакшы маалыматтык бөлүм керек. Вотсап, фейсбук аркылуу көп ушактар таратылып жүрөт. Муну ким жасап жатканын билбейм. 60 кыз кытай жаранына турмушка чыкса, ушакчылар 60 миң деп жазып жатат. Студентерге жолуксаң кытайлар маселесин талкуулашат. Кыздарга барып кытайга тийбе деп айта албайсың да. Эгерде сүйсө тиет да. Бул дагы адамдын укугуна терс таасир берип жатат. Бул талап мыйзамсыз» — дейт Бекешев.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында мыйзамсыз миграция маселеси каралып жатат. вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, акыркы 8 жылда 17 миң 669 кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган, анын ичинде 60 кытай жараны бар экенин билдирди.

Акыркы 9 жылда Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон, анын ичинде: 171 адам этникалык кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай.

Андан тышкары, быйыл кытай жарандарына иштөө үчүн 16миң 490 квота каралган, анын ичинде 9 миӊ квота кытай улутундагы адамдарга берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM