Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 21 митингчини милиция кармап кетти

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 408 | 0

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандары жана жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдарга каршы талап менен башталган митинг бүгүн саат 16:00 чамасында аяктаган.

Митингдин жүрүшүндө күч кызматкерлери менен акция катышуучуларынын ортосуна тиреш чыгып митингчилердин 30га жакынын милиция кызматкерлери кармап кеткендигин маалымат булактары жазып чыгышкан болчу.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов  так маалымат берди. Анын айтымында митингден милиция кызматкерлери 21 кишини кармап кеттишкен. Алар ушул тапта сурак  берип жатканын, керектүү протоколдор түзүлгөндөн кийин бошотуларын кошумчалады.

Эске салсак, 7-январда да 300дөй киши чогулуп, кытай жарандарына каршы нааразылыктарын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM