Биз менен байланышыңыз

Депутаттар кодекстердин чийкилигин сындашты

Саясат | 17 Янв 2019 | 919 | 0

Бүгүн, 17-январда парламентте 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар талкууланды. Анын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берди. Маалым болгондой, кодекстерди даярдоого бюджеттен 300 млн сом каралган. Көптөгөн кызматкер атайын окутуулардан өткөрүлгөн. Ага карабастан депутаттар өкмөттүн ишин сындап, нааразычылыктарын билдиришти. 

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков жаңы тартиптердин иштөө механизми тууралуу депутаттарга маалымат берди. Анын айтымында, президент беш жыл аралыгында сот реформасына байланыштуу бир катар ири ченемдик-укук актыларын иштеп чыгуу, анын алкагында 31 иш-чараны уюштуруу тапшырмасын койгон. Алар толугу менен аткарылды. Жаңы мыйзамдар менен толук кандуу иштеп кетүүгө бир жылдан ашык убакыт кетет.

-Президенттин Жарлыгына ылайык, жумушчу топтору тарабынан жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам даярдалып, алар 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизилди. Иш-чараларды даярдоого бюджеттен 300 млн сом каралган. Ал каражатка тийиштүү оргтехникалар менен жабдуулар сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Ошондой эле, көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан өткөрүлдү.

Азыркы учурда кодекстер менен мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар жаңы кодекстерди кимдер иштеп чыккан деп кызыгышты. Анда белгилүү болгондой, бул боюнча Лейла Сыдыкова башында турган жумушчу топ түзүлүп, анын курамында 7 адам болгон. Алар Анвар Гафуров, Гүлмира Дербишева, Мыктыбек Мамышов жана Алтынай Сманалиева. Ал эми автору болуп Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышындагы депутаттар эсептелет.

Коомчулукта түкүрүк үчүн 5500 сом айып пул салуу эрежеси эң көп нааразы пикирлерди жараткан. Айып пулдун суммасын өкмөт 1000 сомго түшүрө турганын  кабарлаган. Бирок түкүрүк үчүн ушул күнгө чейин эч кимге айып салынбай, эскертүү гана  берилип жатканын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Түкүрүк боюнча бир сом да айып пул салына элек, эскертүү гана болуп жатат. Биздин максат — акча түшүрүү эмес, коомдук жайларда тартип орнотуу. Жалпы 2319 эреже бузуу катталган, анын ичинен 1090 жаранга эскертүү берилген. 1229 бузуучуларга жалпы 4 миллион 36 миң сом айып пул салынган. Ал эми түкүрүк боюнча айып пул салына элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жаңы кодекстерге өкмөттүн даярдыгы алсыз, жансыз, акылсыз болгон деп баа берди. Момбеков өкмөт жаңы эреже боюнча күнөөнү Жогорку Кеңешке оодарып жатканын айтты.

-Бул маселени күн тартибине киргизип, маалыматты уктук. Жыйынтык чыгарбасак эл эмне дейт? Эмне таптыңар дейт. Ушул өкмөт апрелде ант берип жатканда чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келиптир, «кидайтетет» деп айткам. Мына көзүңөрчө «кидайтетти». Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды. Алар бизге мыйзамдын автору силерсиңер деди. Башкача айтканда бизге түкүрүп, күнөөнүн баарын бизге оодарып кетти. Мыйзамга, жаңы кодекстерге 222 миллион сом кеткенин айтышты. Бул акча асманга учтубу? Каражат мыйзамсыз максатка жумшалган экен да. Ким жоопкерчилик тартат? Баа берилиши керек.

Деген менен мыйзам долбоорун убагында депутаттар кабыл алып бергенин эл өкүлү Жанар Акаев белгилеп, Жогорку Кеңеш да жоопкерчиликти сезүүсү керек деген оюн айтты. Анын пикиринде, парламентке алты чакырылыштын депутаттары шайланып келгенде фракциялар «орун» талашуу менен алектенип кодекстер жакшы талкууланбай калган.

-Кодекстер  менен милициялардын кадырын ансайын түшүрүп койдук. Интернеттен милициянын аялдар менен жулмалашкан видеолорун көрүп жатабыз. Милицияны жаңы мыйзамдар менен ыңгайсыз абалга кептеп койдук. Айыппулдар боюнча мыйзамды кайра карап келип, сунушуңарды бербесеңер болбойт. 

Талкуунун жүрүшүндө айыппулдардын суммасын кайра башынан карап чыгуу сунушу да айтылды.

Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөт жаңы кодекстерге убагында көңүл бурбай, элге түшүндүрүү ишин жүргүзгөн жок деп күнөөлөдү.

-2017-жылы 5 кодекс 2019-жылы ишке кирсин деп кабыл алынган. 2 жыл ичинде кодекстер тууралуу окуп, билсин деп убакыт берилген. Бул жерде укук коргоо органынын жетекчилери отурат. Укук коргоо органынын кызматкерлеринин бул боюнча маалыматтары барбы?

Жыйынтыгында аталган маселени парламенттин келерки жыйынында улантуу чечими кабыл алынды. Буга вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жыйындан суранып кеткени себеп болду. Ал 16:00дө Москвага уча турганын айтып, депутаттардан уруксат сурады. Разаков 18-январда Москвада ЕАЭБ алкагында жыйын өтө турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM