Биз менен байланышыңыз

Көркөм чыгарма, котормо, усулдук колдонмолор жана сөздүктөр үчүн сынак жарыяланды

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 725 | 0

Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы “Азыркы адабият”, “Дүбүрт”, “Дүйнѳлүк адабият”, “Дүйнѳ” серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду, балдар үчүн сүрөттүү китептерди, усулдук колдонмолорду жана сөздүктөрдү басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөттө сынак жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик тил коммисиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасын” ишке ашыруу максатында өткөрүлөт.

Сунушталган эмгектерди Улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊеш текшермекчи. Сынактан эң мыкты деп табылган эмгектер жеңүүчү катары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.

Сынака катышуучуларды кабыл алуу 2019-жылдын 17-январынан 17-мартына чейин жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM