Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (тизме)

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 514 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшырды. Анда ал сыйлык алгандар ак эмгектин, талыкпаган изденүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үзүрү менен алкоого арзый турганын бегиледи.

«2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2019-жылга максаттарыбызды, милдеттерибизди, пландарыбызды аныктадык. Экономиканы өнүктүрүү үчүн ыӊгайлуу мыйзам базасы түзүлдү. Мамлекетти өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталган реформаларды турмушка ашырууда сиздердей мекенчил жарандардын эмгеги, журтубуздун биримдиги жана коррупцияны кыскартуу аба менен суудай зарыл»- деди Жээнбеков.

Мамлекеттик сыйлыктарды энергетика менен тоо кен тармагына өмүрүн арнаган Карыпбек Алымкулов жана Орозбек Дүйшеев, эгемен Кыргыз армиясынын калыптанышына эмгеги сиңген генерал Исмаил Исаков, профессор Сыртбай Мусаев, тоолуу айылдын мугалими Гүлүмкан Тургунбаева, балдар акыны Каныбек Жунушев, белгилүү обончу, аткаруучу Атайбек Бөдөшев, сатирик Абдылда Иманкулов, профессор Любовь Зубехина, депутат Азамат Арапбаев, зоотехник-селекционер Орозбек Алимжановдор алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM