Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Кытайлар жөнүндө элде туура эмес маалымат калыптанып калды

Күн чекит | 17 Янв 2019 | 1174 | 0

Борбордук Ала-Тоо аянтында кытай жарандарына каршы кайрадан митинг өттү. Бул жолу болжолдуу  350-400 тегерегинде адам катышты. Негизги талап Кыргызстанда мыйзамсыз жүрөт делген кытайларды өлкөдөн чыгаруу жана жаңы кабыл алынган кодекстерди өзгөртүү керек дешти.

Кыргыз-кытай алакасы жана айтылып жаткан мыйзамсыз миграция тууралуу  «Күн чекит» программасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов ой бөлүштү.

Марал: Борбордук аянттагы митингде кыргыз-кытай мамилеси, тагыраагы Кыргызстанда жүргөн кытай мигранттары тууралуу маселе көтөрүлдү. Ал арада парламент да миграция маселесин карады. Сиз кандай ойлойсуз, митингтин артында ички күчтөрдүн таасири барбы же тышкы күчтөр турабы?

Мамытканов: Менин оюмда мурунку укук коргоо кызматынын кызматкери катары,  ички абалды өз кызыкчылыгына пайдаланабыз деген күчтөр болсо, анда аны укук коргоо кызматкерлери иликтеп далилдүү маалыматты чыгарышы керек. Тышкы күчтөр десек дагы  биздик укук коргоо органдары маалыматтарды иликтеп тыянак чыгарууга милдеттүү. Соңунда корутундуну Президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө алып келип угузуп, элге түшүндүрүп берүүгө тийиш. Учурда жалпыга маалымдоо каражаты тараткан маалыматта митингди уюштургандар эч кандай тиешебиз жок деп турушат. Ушул жагдайды эске алганда азыркы митингдин уюштуруучулары ким экени белгисиз.  Ошондуктан кайсы бир күчтөрдүн ысымдарын атоо туура эмес .

Марал: Өлкөдөгү кытай улутундагы жарандар тууралуу маалыматка келсек. Өкмөт айткан сандар менен митингге чыккандардыкы эки башка болуп жатат. Демек, бул жерде элге туура маалыматты жеткирүү иштери начар жүрүп жатабы?

Мамытканов: Менин оюмча, биринчи митинг өткөндөн кийин тийиштүү мамлекеттик органдар элге ачык айтып жеткириши керек болчу. Өзгөчө миграция менен алек болгон органдар маалымат жыйындарын арбын өткөрүүгө тийиш эле. Мисалы, бул жылы чет өлкөдөн келген мигранттардын саны тууралуу. Анын ичинен жумуш издеп жүргөндөрүн өзүнчө, турист болуп келгендерин айтышса болмок.  Бүгүнкү күнү Кытай Эл Республикасынын жарандарына кен иштетүүгө канча миңдеген уруксат кагаздары сатылып кетти. Бул маалыматтар дагы коомчулукка ачык айкын болууга тийиш. Ошондо гана эл түшүнүп бир жыйынтыкка келишмек. Азыр баардык маалымат имиш болуп тарап, элдин аң-сезиминде  туура эмес маалымат калыптанып калды.

Марал: Ушул жагдай эки өлкө алакасына терс таасирин тийгизип калбайбы?

Мамытканов: Албетте, эки тараптуу алакага түздөн-түз таасири болушу мүмкүн. Канча жумадан бери Кытай мамлекетине каршылык күчөп жатат деген маалымат баардык жерде жаңырып жатат. Бул кабарды Кытай дагы карап, окуп жатат да. Демек, бул жерде кытай тарап да бир чечимге келип калышы ыктымал. А бирок кытай менен достук келишимибиз бар экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал соода-сатык, гуманитардык жана инвестиция тартуу жаатында эмес беле. Ошондуктан Эл аралык келишимге кол коюлгандан кийин ушул жаатта гана иш алып барышыбыз керек. Себеби Кытай менен өмүр бою кошуна боюнча калабыз да. Эч ким эч кайда көчүп кетпейт. Демек, тескерсинче биримдикте иш алып барганыбыз биз үчүн утуш болуп берет.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM