Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Сыйлыкка татыктуу эле болсом керек

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 1082 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  өзүнө ыйгарылган  «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгы тууралуу пикирин билдирди.  Эл өкүлү сыйлыкты сөзсүз мугалимдер гана алууга тийиш деген ойдон алыс болуу керек деп эсептейт.

-Бардык аткарып жаткан жумушуңду элге көрсөтүп, жеткире албайсың да. Министрлик эмгегимди баалап сыйлык бергени өзүмө деле күтүүсүз болду. Бир жагынан жакшы. «Билим берүүнүн мыктысы» болуу үчүн сөзсүз эле мугалим болуп иштөө керек деген эмес. Эки жыл Жалал-Абадда спорт институтунда мугалим болуп эмгектендим. Бирок коомчулукта эки жылдык эмгек тажрыйбасы менен сыйлык берилеби деген талкуулар болду. Билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө кайдыгер эмесмин. 2004-жылдан бери атамдын атында жаштар арасында спорт мектеби ачылган. Учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Бул спорт мектеби салынгандан баштап колумдан келген жардамымды берип келем. Ал жерде жыл сайын Эл аралык Азия чемпиондугу өтүп турат. Байгесин өзүм каржылап келем. Башкача айтканда спортко көп кызмат кылып жатам. Андан тышкары Жогорку Кеңеште билим берүү тармагын караган комитетте төрайымдын орун басары болуп бир топ көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө салымымды кошуп келем. Мектептердеги коррупциялык көрүнүштөр, окуучулардан акча жыйнамай аракеттерин тыюунун үстүндө иштеп жүрөм. Сыйлыкка татыктуу эле болсом керек. Кээ бир мени жакшы көргөн сайттар дарегиме ар кандай сөздөрдү айтып жатат.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгын ыйгарган. Министрликтин басма сөз кызматы сыйлык депутатка «бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруп келе жатканы үчүн» берилгенин кабарлаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM