Биз менен байланышыңыз

«Өзбекстандын эски бийлигинин учурунда Тажикстан ЕАЭБге тезирээк кирмек»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 687 | 0

Эгер Өзбекстанда мурдагы бийлик сакталып калганда Тажикстан ЕАЭБге тезирээк кирмек. Бул тууралуу мурунку Экономика министри Арзыбек Кожошев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өзбек бийлиги ачык саясат жүргүзүп жатат. Андыктан Тажикстанга аба жолу да, темир жолу да ачык болуп калган. Эми Тажикстан ЕАЭБдин курамына кирүү үчүн дагы 2-3 жыл ойлонот.

«Тажик тарап ЕАЭБге кирүү менен өлкөнүн башка мамлекет менен болгон соода алмашуусу төмөндөп кетет деп чочулайт. Алар Кыргызстанды карап өздөрүнүн коопсуздук маселелерин ойлонуп жатышат. Тажикстандын биримдикке кириши саясий гана чечим болуп калбаса, экономикалык жактан шашылыш эмес», — дейт Кожошев.

Анын пикиринде, түзүлгөнүнө 3 жыл болгону менен ЕАЭБ экономикалык биримдик катары толук калыптана элек. Анткени Орусия менен Беларусиянын, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда да соода согуштары болуп келген. Мындай абалды көргөн башка мамлекеттер биримдикке кирүүдө ойлонуп жатышат.

Кожошев буга кошумча, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши пайдалуу болгонун белгиледи.

«Биринчиден, ЕАЭБ Орусия менен Казактсанда иштеген мекендештерге жакшы пайда алып келди. «Кара тизмеден» чыгуунун шарттары мурдагыга караганда жеңил болуп калды. Бул эң негизги утуш. Экинчиден, ата мекендик товарлардын 180 миллиондук рынокко чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алуу өзүнчө маселе», — дейт экс-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM