Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 16 туристтик объектини ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө даяр

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 414 | 0

Кыргызстанда туристтик обьектилерди инвентаризациялоонун негизинде 16 объект табылган жана алар ыкчам башкарууга өткөрүп берилүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова парламент жыйында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө даяр болгон обьектилер негизинен маданий жана тарыхый эстеликтери бар эс-алуучу жайлар. Алар: «Сулайман-Тоо2, «Бурана» мунарасы, “Ак-Бешим”, “Таш-Рабат” комплекси, “Жомок” капчыгайы, “Өлүк-Көл” жана “Өзгөн” мунарасы.

«Кыргызтуризм» эс алуу жайлардын жакшы иш алып барышы үчүн жана экономикалык иш-аракеттери үчүн жооп бере турганын Өмүрбекова кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM