Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө мигранттардын балдары такталууда

Коом | 15 Янв 2019 | 553 | 0

Кыргызстанда жылына 350 миңден 700 миңге жакын жаран жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кетет. Мигранттардын кароосуз калган балдарынын саны өсүп, зордук зомбулуктун курмандыгы болууда.  Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Зина Жортучиева пенсия курагында. Ал азыркы тапта неберелерин өзү карап жатат. Анткени келини менен уулу Орусияга иштегени кеткен. Бирок балдары башка жердин мигранты болгондугу оӊой болгон жок. Бул да болсо жашоо шартка байланыштуу экендигин чоӊ эне мындайча айтып берди.

Ѳзүбүздүн келин менен уулубуз Москвада иштеп жатышат. Негизинен өздөрү билимдүү, жогорку окуу жайда окушкан. Бирок жумуш жок, болсо да айлык маяна жашоо шартка жетпейт. Ошондуктан балдарын бизге таштап кеткен. Азыр үй сатып алабыз деп иштеп жүрүшөт. Менимче балдарды өз ата-энесине таштап кеткен туура. Бирок, кошуна-колоӊ, таяке-туугандарга таштаган туура эмес.

Бул сыяктуу облус аймагында дагы 6100 үй бүлө балдарын бирөөгө аманат катары калтырып, алыс жакта иштеп жүрүшөт. Алардын ичинен 4130 жаран чет өлкөгө чыгып кетсе, 1160 жашоочу ички мигрант болуп саналат. Мунун кесепетинен балдар ар кандай зомбулукка кабылып, укугу тебеленип жаткандыгын коомчулук да баамдайт.

-Азыр балдарды азыр чоӊ эне, чоӊ атага калтырып салып жатат. Аларды туура эмес деп эсептейм. Анткени балдарды ата-эне өзү багып, тарбия бериш керек. Эгер убагында тарбия берилбесе өспүрүмдөр начар билим алуусу ыктымал. Негизи Кыргызстанда эле иштеп акча тапса болот.

-Баланы аманат кылып таштап кетип жаткандан кийин дайыма караш керек. Керек болсо өз балаӊан да артык жоопкерчилик болот.

-Балдардын укугу ачык эле тебеленип жатат, аябай эле көзөмөлгө муктаж. Эми бул көрүнүштү тез арада жөнгө салбаса өлкөдө чоӊ көйгөй жаралат.

-Беш кол теӊ эмес, кээ бир ата-эне балдарды жакшы карайт, айрымдары берген акчаларды өздөрү ичип жеп, балдар көмүскөд калат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү көзөмөлгө алганы оӊго.

Өткөн 2018-жылы облус боюнча 200дөн ашуун бала зордук зомбулукка кабылган. Аларды териштире келгенде көпчүлүгү ата-эненин мээримин көрбөгөндөр экени аныкталган. Мындай жагдайдан улам, 12 өспүрүм каза таап, коомчулуктун үрөйүн учуратты. Учурда бул багытта бир катар иштерди Каракол шаарындагы «Эне жана баланы коргоо» борбору да жасап жатканын Бела Капарова айтты.

-Бизге балдардын психологиялык жактан жабыркап, укугу бузулгандыгы боюнча кайрылуулар келип түшөт. Аны тактай келгенде көбү мектептен же үйдөгү конфликттен келип чыкканы белгилүү болот. Албетте анын жыйынтыгы өсүп келе жаткан муунга жакшы таасир калтырбайт. Ошондуктан бизде психологдордон сырткары юрист, адвокаттар кошумча иш алып барат. Бирок бул да жетишсиз. Андыктан жалпы журттун аӊ сезимин жакшы жакка өзгөртүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз.

Мындан улам өспүрүмдөргө карата жасалган зордук зомбулукту, аеосуз мамилерге чекит коюу максатында район шаарларда, айыл кыштактарда атайын штабдар түзүлдү. Ага ылайык ар бир үйдөгү окуучулар каттоого алынып, мигранттардын балдары да такталууда. Бул аракет облустагы эки айлытын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул багытта чет өлкөгө чыга турган  жашоочуларга да түшүндүрмө берилип жаткандыгын өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Элнура Чыдынова билдирди.

-Азыр ар бир айылга рейд иштеринин графиги бекитилип, үймө үй кыдыруулар жүрүп жатат. Ошол мигранттардын үй бүлө мүчөлөрүнө, калтырып кеткен ата-энелерге туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле мезгилде айыл аймактардагы штабдык жумушчу топ чет жакка кетип жаткан мигранттарды каттоого алышат. Алар маалым кат таштап кетүүсү тийиш. Эгер балдары болсо тиешелүү адамга ишеним каттын негизинде калтырат.

Айта кетсек, акыркы такталган маалыматтар боюнча  облуста 7 жашка чейинки 1444 бала бөтөн адамдын кароосунда багылса, 18 жашка чейин 5757 окуучу бар экени каттоого алынды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM