Биз менен байланышыңыз

2018-жылы сырттан келчү инвестиция 33 пайызга азайган

Күн чекит | 15 Янв 2019 | 850 | 0

Кыргызстанда кээ бир бизнес долбоорлор инвестор күтүп эки-үч жыл жатып калса, ошол эле учурда инвесторлор келген кезде ылайыктуу даяр долбоор жок болуп калууда. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 14-январда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулун кабыл алганда билдирди. Ал агенттикке инвестициялык абалга ыкчам мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү байкалары менен жетекчиликке билдирүүнү тапшырды. Буга байланыштуу өлкөдөгү инвесторлор үчүн түзүлгөн климат жана шарттар, аларга тоскоол болчу факторлор тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курганбыз. 

Марал: 2018-жылы сырттан келген инвестициянын көлөмү кандай болду? Мурунку жылдарга салыштырмалуу кандай көрсөткүчтөрдү берди?

Шумкарбек Адилбек уулу: Бизге келген расмий маалыматтарга таянсак, 2018-жылдын алгачкы 9 айында инвестициянын көлөмү 345 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу (33%)азыраак. Буга бир нече себеп болду.

Марал: Инвестициялардын келүүсүнө тоскоол болгон негизги факторлорду атай кетсеңиз?

Шумкарбек Адилбек уулу: Биринчи кезекте акыркы кездери глобалдык таасирлердин көбөйгөнүн атасак болот. Орусияга карата АКШ жана Европанын санкциялары, Кытай менен АКШнын ортосундагы соода согушу терс таасирин тийгизүүдө. Анткени аталган мамлекеттерден келчү инвесторлордун дарамети жана активдүүлүгү санкциялардын таасиринде төмөндөгөн. 

Марал: Булар тышкы себептер. Ал эми ички факторлор кайсылар?

Шумкарбек адилбек уулу: Ички себептер катары инвестициялык климатка таасир эткен мамлекеттик органдардын жеке бизнеске санкциялары, жаңы иш баштаган ишкерлерге карата катаал чаралар менен коркутуулары, сот органдарынын чечимдери жана инвестиция боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы түшунбөөчүлүк жана кызыкчылыктардын кагылышы сыяктуу себептерди атасак болот. Мындан сырткары элибизде маалыматтын жоктугунан улам дараметтүү инвесторлор менен иштешип кетүүдө көйгөйлөр жаралууда.

Марал: Коррупция менен бюрократия дагы негизги тоскоолдуктардан экени маалым эмеспи. Бул көйгөйлөрдү жоюу максатында кандай чараларды көрүүдөсүздөр?

Шумкарбек Адилбек уулу: Бул тууралуу президент да айтып кетти. Инвестиция тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биринчи кезекте абалга мониторинг жүргүзүп, маселенин түпкү себебин аныктоо керек. Мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн азайтып, иштин ачык-айкындыгын камсыз кылуу керек. Эң ириде өлкөгө кирген инвесторлор биздин агенттикке кайрылса ар түрдүү жасалма бут тосуулар, бюрократиялык тоскоолдуктарсыз ишти баштоого көмөк көрсөтөбүз.  Биздин системага жаңы кирип, иштей баштаган «Бирдиктүү терезе» алардын бир топ мекемеге каттап, кагаз иштерин жасоо үчүн бир нече айын кетирүүсүнүн алдын алат.

Марал: Президент айтып кеткендей кээ бир учурда инвесторго сунууга даяр долбоор жок болуп калууда. Муну жолго коюу үчүн кандай иштер жүрөт?

Шумкарбек Адилбек уулу: Мындай абал көпчүлүк учурда инвестор келип, бир долбоорду ишке ашырууну кааласа, өлкөдөгү базар шарттары же мамлекеттин шарттары туура келбей, баш тартып коюшат. Экинчиден долбоордун демилгечиси инвестордун кызыкчылыгын эске албай толук эмес долбоорлорду алып чыгып алат. 

Биз бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын программа сунуш кылып чыктык. «Инвестициялык флот» программасы ишкерлерге инфраструктурадан тартып жер тилкеси, иштөө шарттарынын барын даярдап, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөргө чейин жасап, ылайыктуу долбоорлорду даярдоону көздөөдөбүз. Мунун менен долбоорлордун ишке ашуусу жеңил жана бат болот. Инвестор үчүн да пайдалуу, биз үчүн да жакшы жыйынтыктарды берет деп ишенебиз.

Copyright © 2017 Maral FM