Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө сынган эстеликтер боюнча шектүүлөр изделүүдө

Коом | 14 Янв 2019 | 605 | 0

Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айыл аймагындагы христьян дининдеги православдардын көрүстөнүн белгисиз адамдар талкалаган. Бул боюнча Жоруктар кодексинин 131-беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

-Жөн турган эстеликтер кимге зыян алып келмек эле. Муну эмнеге сындырышат, түшүнбөйм. Ушундайдын эмне кереги бар эле.

Бул Ольга аттуу жашоочунун пикири.  Христьян динин тутунгандардын көз жашын агызган окуя Ананьево айылында катталган. Тагыраак айтканда православдар көрүстөнүндөгү 90го жакын эстелик сынгандыгы аныкталды. Бул боюнча аталган айыл аймактагы чиркөө башчысы Виктор Журавлев биринчилерден болуп күбө болгонун мындайча айтып берди.

—  Мен жакында эле энемди жерге бергем. Ошого байланыштуу көрүстөнгө сыйынганы келип, эстелик кресттеринин сынып жатканын көрдүк. Байкашымча бул иш жапайы, акылы тайкы, кадимки эле жаш балдардын колунан келиши мүмкүн. Эми бул биздин жалпы көйгөйүбүз болуп отурат. Себеби бул келечек муунду мектепте, мечитте, чиркөөдө жакшы тарбия бербей, көзөмөлдөбөгөндүктөн болуп жаткан нерсе. Эми бул ишти кылгандар жараткандын жардамы менен табылат деген ойдомун.

Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча милиция кызматкерлери  Жоруктар кодексинин 131-беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Азырынча шектүүлөр табыла элек. Бирок, тергөө тобу түзүлүп, облустук ИИБи көзөмөлгө алып жаткандыгын облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов айтты.

-Кылмышты тез аранын ичинде ачуу максатында Ысык-Көл РИИБинде жана ОИИБде атайын тергөө ыкчам топтору түзүлүп, Ананьево жана ага жакын айылдарда тиешелүү иштер жүрүп жатат. Бул ишке жаш балдар спирт ичимдигин же башка акыл эстен кетирген баӊги заттарды колдонгон адамдар баруусу мүмкүн деп айтылууда. Учурда бул сыяктуу божомолдор биз тараптан да иштелип чыгат. Кошумчалай кетсек, мурда да көрүстөндөрдү талкалоо иштери катталып, андагы адамдар аныкталып жоопко тартылган.

Белгилүү болгондой каза болгон адамдарды мазактоо фактысы мындан 4 жыл мурун ушул эле райондун Семеновка айылында да болгон. Андыктан жалпы коомчулук мындай окуяны улуттук мамиле менен диний чагымчылдыкка байланыштырбайт. Тескерисинче, 15 жакын улуттан турган 10 миӊ калкы бар Ананьево айылында буга чейин да ынтымак орноп келгенин кабарлашат.

Мен ушул кыштакта 32 жылдан бери жашайм. Бул арада орус- кыргыз деп бөлүнбөй баарыбыз ынтымактуу мамиледебиз. Бул ишти коркпостон кимжасады болду экен?

-Эстеликтерди талкалоо дене бою соо адамдын колунан келбейт. Албетте мунун улуттук карым-катнашка тиешеси да жок. Менимче бул ишке акыл эси тайкы адам барса керек.

-Менин оюмча кресттерди талкалоо жаштардын эле колунан келди. Туура эмес. Мындай вандалчылык жеке эле бизде эмес, башка өлкөлөрдө да кездешет. Орус-кыргыз эли ынтымактуубуз.

Азыркы тапта талкаланган эстеликтер калыбына келтирилүүдө. Ал премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, аткарылып жаткандыгын Ананьево айыл өкмөт башычысы Таалай Кубат уулу билдирди. Анын айтымында, крест эстелик үчүн атайын жыгачтар жергиликтүү бийликтин эсебинен камсыздалат. Орнотуу иштери жаз мезгилине калтырылды.

-Азыр кимдин канча жыгач крести сынганы тууралуу тизме аныкталууда. Аны дароо орнотолу десек орус туугандар жаз мезгилинде коебуз деп өздөрү чечим чыгарды. Керектүү жыгач материалдары айыл өкмөт тарабынан берилет. Ошондой эле жер-жерлерде түшүндүрүү иштери болуп жатат. Ага жергиликтүү молдоке, чиркөө башчылар да тартылууда. Эми кандай болгон күндө да милиция кызматкерлеринин чечимин күтөбүз.

Эске салсак, бул окуя 11-январда катталган. Анда чиркөөнүн кароолчусу менен диний кызматкер сыйынуу үчүн барышканда бир нече эстелик талкаланып турганын көрүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM