Биз менен байланышыңыз

Элетке арналган эки жыл эмнени өзгөртө алат?

Коом | 14 Янв 2019 | 1082 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды да аймактардын өнүгүүсүнө арналарын жарыялады. Жыл башында өлкө башчы  “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Маалыматтык коомду куруу, тагыраагы санариптик трансформациялоону тездетүүгө багытталган сунуш өкмөткө берилди. Анда негизги багыт элет жерин санариптештирүүгө коюлган. Эми үстүбүздөгү жылы мамлекеттик органдар ортосунда маалымкат ташыган көрүнүштөр жокко чыгат. Бул тууралуу санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Дастан Догоев маалымдады.

Биринчиден санариптик инфратүзүмдөрүн түзүү боюнча сунуштамалар өкмөткө берилди. Бул иш чаралардын баары 2019-жылы ичинде ишке ашышы керек. Биринчиси электрондук документ же маалымат алмашуу «Түндүк» системасы толугу менен ишке кириши керек. Маалымкаттарды жарандардан талап кылуу практикасы жокко чыгат. Ошонун негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү оптимизациядан өтөт да, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүлө баштайт.

Ошондой эле калган электрондук негиздеги долбоорлор ишти андан ары улантат. Мунун ичинде электрондук негиздеги кызмат үчүн накталай эсептешүүлөр да токтойт.

Ал эми мамлекеттик кызматтар ортосунда маалымат алмашуу толук электрондук системага өтүүгө тийиш. Ошондой эле ар бир айылга сапаттуу интернет жеткирүү иштери улантылат.

Бул иштер 2019-жылы ишке ашаарынан Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик комитетинин мурунку башчысы Бакыт Рыспаев үмүт артып турат. Бирок алыскы айылдарга интернеттин жетпегенин эске алганда максат толук ишке ашпайт деген ойдо. Анткени жасала турган иштердин баары бир гана сапаттуу интернетке байланыштуу.

Жогорку ылдамдыктагы эмес, жөнөкөй интернет жетпеген айылдар дагы деле көп. Азыркы учурда көпчүлүк айыл өкмөттөр мамлекеттик сатып алууларды райондун борборунда жасап жатат. Жада калса айыл өкмөт менен көпчүлүк айылдар ортосунда да байланыштар жок. Биринчиси интернеттин жоктугу, экинчиси аны колдоно турган адистер дагы жакшы эмес. Албетте муну ишке ашыруу оңой эмес.  Эми канчалык иш жүзүнө ашат белгисиз. 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргызстанды сапаттуу интернет менен камсыз кылууга каражат бар экенин айтууда. Бюджеттен 500 млн сом калганы эл аралык донорлордун жардамы астында ишке ашаарын белгилейт. Комитеттин башчысы Бакыт Шаршембиев кеткен чыгымды жабууга каражат толук табыла электигин төмөнкү жагдайларга байланыштырды.

Өткөн жылдын аягында биздин “Digital casa” деген долбоорду чыгарганбыз. Дүйнөлүк банк 50 млн доллар бөлүп бермек болчу. Ошонун ичинде негизги эки фундаменталдык конпонент бар. Биринчиси инфраструктура. Дүйнөлүк банк тараптан берилген акча интернетти ар бир айылга оптикалык кабель аркылуу жеткирүүгө жумшалат. Экинчиси «Дата» борбор. Эгер биз санарипке өтүп жатсак, ар бир жаран жөнүндөгү маалыматтар кайда сакталышы боюнча ошол жерде каралган. Мындан тышкары бюджеттен 2019-жылга 500 млн сом бөлүндү. Азыр кайсы долбоорго канча каражат жумшоо боюнча иштеп жатабыз. Бирок албетте бул сумма долбоорду толук ишке ашырууга жетпейт. Программалык системалар аябагандай кымбат турат. Ошондуктан биз башка донорлор менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.          

Анткен менен экономист Эркин Абдразаков 2018-жылы «Аймактарды өнүктүрүү» жылы деп жарыяланганы менен көзгө көрүнөөрлүк иш болбогонун өкүнүч менен кабыл алып отурат. Ошол эле кезде жасалган иштерге баа берилбей туруп, кайрадан жарыяланып жатканы башаламан иштен кабар берет.

Быйылкы жылды дагы «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештрүү» жылы деп жарыяланышын өкүнүч менен кабыл алдым. Себеби өткөн жылы бул максат ишке ашпай калды. Эми ушул жылы жасайлы дегендей эле болуп калды. «Коюлган максаттарды ким тарабынан аткарылган жок? Кайсы жактан мүчүлүштүктөр кетти?”-деген суроолорго талдоо жасалган жок. Экинчиси санарип. Бул мурунтан бери эле келе жаткан иш. Санариптештирүү жылы деп атоо менин оюмча туура эмес. Ал технологиянын өнүгүшү менен жасала турчу иш да. 

Азыркы тапта президент койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн өкмөт программа иштеп жатат.  Жарлыкка кол коюлган күндөн тартып 30 күн ичинде коомчулукка жарыялайт.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылы 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук негизге өткөрүү боюнча тапшырма койгон. Анын алкагында жыл аягына чейин максималдуу түрдө иштер алынып барылаарын өкмөт айтууда. Бүгүнкү күнү 72 мамлекеттик кызмат электрондук форматка өттү.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM