Биз менен байланышыңыз

Баңгизаты менен кармалган чекисттерге чыккан сот чечими ачыкталбайт

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 880 | 0

Ири өлчөмдөгү баңгизаты менен кармалган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку жана учурдагы кызматкерлерине карата чыккан соттун чечими ачык жарыяланбайт. Бул туурулуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, бул кылмыш ишинин «жашыруун» деген белгиси болгондуктан соттун чечими коомчулукка ачыкталбайт.

Айрым жергиликтүү басылмалар колго түшкөндөр соттун чечими менен толук акталып чыкканын жазууда.

Эске салсак, 2017-жылдын 7-мартында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку жана учурдагы айрым кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз ташып кирүүгө шектелип кармалган. Алардан 7,5 кг маңзат табылган.

Бул фактыны ИИМдин Тергөө башкармалыгы иликтеп, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM