Биз менен байланышыңыз

Эң акылдуу мамлекеттердин тизмеси жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2019 | 1229 | 0

Vouchercloud порталынын изилдөөчүлөрү дүйнөдөгү эң акылдуу 25 мамлекеттин тизмесин жарыялады. Тизме өлкөдөгү Нобель сыйлыгынын ээлеринин санына, калктын орточо IQ даражасына жана мектептердин өнүгүүсүнө жараша түзүлгөн.

Порталдын маалыматына ылайык, Жапония эң акылдуу мамлекет аталган. Кийинки орундарда Швейцария, Кытай, АКШ жана Нидерландия турат.

Кытай калкынын IQ даражасы жогору болгондуктан 3-орунду алса, АКШнын төртүнчү орунду багындыруусуна өлкөдөгү Нобель сыйлыгынын ээлеринин саны себепчи болгон.

Мындан сырткары, Түштүк Корея, Тайвань жана Сингапур билимдүү жаштардын саны боюнча алдыңкы орунда. Бирок аталган өлкөлөрдө Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын саны аз болгондуктан тизмеде алдыңкы орунга илешкен эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM