Биз менен байланышыңыз

18-январдан тарта абанын күндүзгү табы жогорулайт

Кыска кабар | 13 Янв 2019 | 881 | 0

Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу билдирүү таратты.

Ага ылайык, 13-14-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 5-10 метрге чейин жетет.

Ал эми 17-18-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM