Биз менен байланышыңыз

Сириядагы кыргыз жарандарын алып келүү керекпи?

Күн чекит | 12 Янв 2019 | 1044 | 0

Ушул аптада Казакстандын күч түзүмдөрү Сириядагы жарандык согушка катышуу үчүн кетти делген 47 жаранын, анын ичинде 30 жаш бала, 11 аял жана алты эркек кишини атайын аскердик операциянын алкагында кайтарып келишти. Андан мурда, декабрдын аяк ченинде Орусия өзүнүн 30 жаранын кайтарган. Буга байланыштуу, учурда Сирияда террористтик топтордун катарында жүргөнү айтылган 500дөн ашуун кыргыз жарандарынын абалы, аларды кайтаруу иштери жана бул үчүн өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу терроризм, экстремизим жана улуттук коопсуздук боюнча эксперт Бекижан Ахметов менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курганбыз.

Марал: Сириянын өкмөттүк күчтөрү аймактагы согушкерлерди, террордук топторду сүрүп чыгып, кубатынан ажыратты. Чет элден келген жалданма согушкерлерди кандай жол менен келсе, ошондой кетүүлөрүн талап кылды. Эртедир-кечтир алардын мекендерине кайтары бышык. Террорист катары коркунуч менен кайтуусуна чейин биздин күч түзүмдөр да алдын-ала кайтаруу жана зыянсыздандыруу иштерин алып барышы керекпи?

Ахметов: Албетте, бул учурдун талуу маселеси. Көпчүлүк террористтер Сириядан сүрүлгөн соң Афганистанга келгени кабарланууда. Афганистан деген биздин Орто Азиянын коңшусу. Ал жерге Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттен барган террорчулар да келген болуусу мүмкүн. Алар аймакка коркунуч туудура турганчалык абалга келгенче иш аракетибизди көрүүбүз зарыл. Сириядагы жарандарыбызды аныктап, ким кантип кетти, эмне менен алектенет, террористтик дарамети канчалык-барын такташ керек. Ошол эле учурда арасында алданып барып калгандар да чыгышы мүмкүн экенин унутпоо зарыл.

Марал: Аларды террорист же эмес экенин аныктоо кыйынга турат болуш керек? 

Ахметов: Кантсе дагы фильтрация ишин токтоосуз аткаруу керек. Ким адам өлтүргөн дараметтүү террорист, ким адашып барып, айласыз жүрөт-муну билүү керек. Аларды мекенге кайтарган соң ар бирин тактап, суракка тартып таануу керек. Согуштук иш-аракетке катышып жүргөндөрдү тиешелүү жазасын берип, алданып барып калгандарды комплекстүү чара менен психолог, дин кызматкери, укук коргоочулар ж.б. адистердин жардамында коомго аралаштырып, экстремизмден куткарууга толук мүмкүн.

Марал: Ал жакка алданып барып, бирок кайтса катаал жазага дуушар болуудан коркуп, айласыз жүргөндөр болуусу ыктымал эмеспи? Алардын адилеттүү жоопкерчиликке тартыларына канчалык ишеним бар?

Ахметов: Толук ишенсе болот. Анткени биз Орто Азиядагы эң демократиялуу өлкөбүз. Анын үстүнө сок-укуктук реформанын негизинде жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Ага ылайык күнөөсүн сезип, андан кайткандар, билбестен кылмышка аралашып калгандарга ж.б. гуманизация принциби иштейт. Президентибиз да буга көп басым жасап, мыйзамдын так жана адилет аткарылышын талап кылып жатканын күбө болуудабыз. 

Барыбызга эле маалым болуп калбадыбы, жакшы маяналуу жумуш убадалап, зарыгып жүргөндөрдү Туркияга чейин алып келип, андан ары уурдап же коркутуп, алдап Сирияга алып кирип, паспортторун алып коюп, террористтердин катарына кошуп койгон жагдайлар көп айтылууда. Муну, албетте, эске алат деп ишенем.

Марал: башка өлкөдө мыйзамсыз, кооптуу топтордо, жерлерде жүргөн жарандарды алып келүү, тактоо кыйын экени бышык. Биздин өкмөт буга канчалык даяр? Дипломатиялык, аскердик-техникалык базанын мүмкүнчүлүктөрү канчалык?

Ахметов: Биз суверендүү, өз мамлекеттүүлүгү, тузүмдөрү бар өлкөбүз. Эл аралык уюмдарга, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү уюм, долбоорлорго мүчөбуз. Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү ишинин укуктук, дипломатиялык жөндөрүн жакшы билген адистер биздин күч түзүмдөрүндө да жетиштүү. Ошондуктан бул ишти комплекстүү бир программанын негизинде ишке ашыруу керек. 

Copyright © 2017 Maral FM