Биз менен байланышыңыз

Канатбек Азиз: Ырайым боюнча комиссия экинчи жолу ката кылды

Күн чекит | 10 Янв 2019 | 965 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жаңы кодекстердин негизинде абакта олтургандардын жазасын жеңилдетип, айрымдарын эркиндикке чыгарат. Бул «чоң коркунуч келтирбеген» жана «анча оор эмес» беренелер менен соттолгондорго жайылтылат. Азыркы күндө аталган кызмат абакта олтургандардын тизмеси текшерүүнү баштады. Ал эми Президенттик аппараттын тиешелүү комиссиясы камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн орундаткан жок. ЖАМКнын камактагыларга карата иштеп чыгып жаткан жеңилдиктери саясатчыларга да өтүмдүүбү? Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиз менен маектештик.

-Учурда камакта отурган жарандардан 260нын боштондукка чыгышы күтүлүүдө. Мындай жеңилдиктин камакта отурган саясатчыларга да тийиштиги болобу?

Азиз: -Ооба, болот. Жаңы киргизилген сот-укуктук кодекстер боюнча саясий куугунтукка алынган саясатчыларга дагы тийиштиги болот. Мисалы, үчүн Өмүрбек Текебаевди алып карай турган болсок, өзүбүз изилдеп чыкканбыз, анын санкция маселеси дагы каралган. Ал жакта 15 жылга чейин санкциясы көрсөтүлгөн. Азыр бул 10 жылга чейин деп турат. Бул көрсөткүч анын ишин кайра кароого чоң себеп. Садыр Жапаров, Бектур Асановдордун ишиндеги абал да ушундай эле, карап чыкса болот. Бирок бул айтылгандар кылмыш-жаза кодекстери боюнча карап айтылгандар. Саясий контекстте ала турган болсок, азыркы учурда президент Сооронбай Жээнбеков каалаган адамын, каалаган учурда бошотуп салса болот.

-Камакта отургандарга ырайым кылуу боюнча тизмени карап чыгууну президенттик аппарат Жазаларды аткаруу боюнча кызматка тапшырганы маалымдалууда. Негизи эле мындай учурда жеңилдик берүү жагы кандай чечилиши керек?

Азиз: -Алмазбек Атамбаевдин убагында бардык эле саясатчылар саясий негиз менен камалган. Соттук процесстерде да көп каталар кетирилген. Муну Башкы прокуратура карап чыкса болот. Бирок жаңы киргизилген кодекстерден кийин айла жок аны карашы керек болуп калат. Анткени аларда ушулардын иши каралышы керек деп берилген тизме бар. Ошол себептен камалган саясатчылардын мөөнөтү 10 жыл болсо 5 жылга азаят. Режими да өзгөрүп кетиши мүмкүн. Анткени кошумча жоруктар да пайда болду.

-Учурда камакта отурган саясатчылардан Өмүрбек Текебаевге ырайым кылынышы керектигин айтып, мурдагы президент Роза Отунбаева да өтүнүч жолдогон. Бирок президенттик аппараттын тиешелүү комиссиясы ал өтүнүч канааттандырылбай турганын айтышты. Бул иш дагы каралып, Өмүрбек Текебаевге боштондук берилсе, башка саясатчылардын камактагы тагдыры кандай чечилип калат?

Азиз: -Ырайым кылуу боюнча мыйзамда кандай учурда мунапыс жарыяланары жазылып турат. Ал жерде көп учурда айыпталуучу тарап кайрылышы керектиги жазылып турат. Ал жерде “көп учурда” деп жазылуу, ал сөзсүз кайрылышы керектигин билдирбейт. Ал жерде башкалар дагы, мисалы, Жогорку Кеңеш, Жазаларды аткаруу кызматы да өтүнүч киргизе алат дегенди билдирет. Ушуну менен президентке караштуу ырайым кылуу боюнча комиссия экинчи жолу ката кылып атат. Анткени бул маселени Кубат Оторбаев акыйкатчы болуп турганда да киргизген. Текебаев күнөөлүү болбогондон кийин ырайым сурабай турганын айтып, ага карата туура эмес саясий чечим болгон деп эсептеп, баш тартып жатат. Бирок ырайым кылуу – бир гана бошотуп коюу эмес. Режимин алмаштырып же мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Анан дагы ырайым кылынган адам сөзсүз эле күнөөлүү болуп эсептелбейт. Мыйзамда андай жок. Башка саясатчыларга келсек, Садыр Жапаровдун иши кайра каралып чыга турган болду. Бирок кийин эле шаардык прокуратура жаңы жагдайлар менен кароодон баш тартканы кабарланды. Жалпы караганда, эми ар саясатчы өз жолу менен кетет же Өзбекстандын президент Шавкат Мирзиёев сыяктуу баарына бирдей ырайым кылат. Бул президенттин ыйгарым укугуна кирет жана аны аппараттагы комиссия чектей албайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM