Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Соттук реформанын натыйжасы кызматкерден көз каранды

Күн чекит | 27 Дек 2018 | 838 | 0

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик «Ала Арча» резиденциясында соттук реформа боюнча Кеңештин экинчи жыйыны өттү. Ага мамлекет башчы баштаган тиешелүү жетекчилер жана депутаттар катышты. Күн тартибинде эки маселе каралды. Сот тармагында жүрүп жаткан сот-укуктук реформанын келечеги тууралуу кененирээк «Күн чекит» программасында  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун сот реформасы боюнча кеңешчиси Дастанбай Айжигитов айтып берди.

Марал: Бүгүнкү күнү сот-укуктук рефороманы ишке ашырууга мамлекеттик органдар кызыктар болбой жатканын президент белгиледи. Дегеле реформаны жасоого президенттин эрки жетеби?

Айжигитов: Президент өзү дагы эрк дагы, каражат дагы бар деп жатат. Болгону каалоо гана керектигин белгилеп келет. Кеңештин бүгүнкү чогулушунда дагы ушул сөздөр айтылды. Эми бул иштерди президент айткандай аткарыш керек. Кандай кемчиликтери болбосун, президент түрткү берип жаткандан кийин жумуштар толук алып барылыш керек. Эгер бул иштер азыр жасалбай калса, бул иштер мындан ары ушул боюнча эле созулуп кетет. Албетте, кемчиликтер болот. Башталган иште баардык жакты эске алуу кыйын нерсе. Бирок эң негизги маселе жүрө баштагандан кийин, калган жагын түздөп кете берсе болот.

Марал: Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу үчүн эмне керек?

Айжигитов: Эң негизгиси, жыл башында ишке кире турган 5 кодекс жана эки мыйзам болуп жатат. Мыйзамдар чыны менен жакшы жазылып жатат. Бирок ошонун аткарылышы кыйын болуп турат. 2010-жылы ага чейин 1990-жылдардагы Баш мыйзамды карай турган болсок, Кыгызстандын сотторуна көз карандысыздыкты бериш керек деп баш мыйзамга киргизилген. А бирок практикага келгенде соттордо көз карандысыздык сакталбайт.

Марал: Жаңырган 2019-жылы күчүнө кире турган кодекстер сот-укуктук реформаны ишке ашышына таасир эте алабы?

Айжигитов: Бул кодекстер укуктук жактан эле соттук реформаны колдоп бере алат. Калганы аны иштете турган органдардан жана адамдардан көз каранды. Ошондуктан президент дагы аткаруу талабын күчөтүп, каршы чыккандарга жаза каралат деп жатпайбы. Бул жагынан президент туура маселени койду. Андыктан сот-укуктук реформага таасир эте алат.

Марал: Реформанын кынтыксыз ишке ашуусу үчүн бүгүнкү күнү мыйзамдык база жана каражат жетиштүүбү?

Айжигитов: Бүгүнкү күнү реформаны толук жасаганга каражат бөлүнүп берди деп айтуу кыйын. Бирок фаза-фаза менен бөлүп каржылоо менен реформаны аягына чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM