Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Жаңы кодекстерди ар ким өзү окуп, таанышсын

Күн чекит | 26 Дек 2018 | 867 | 0

Соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирет. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси». Буга кошумча “Пробация жөнүндө” жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдар 1-январдан тарта күчүнө кирмекчи. Бирок коомчулукта аталган кодекстердин мазмуну жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат жетишсиздиги айкын. Жаңы кодекстердин иштеп кетүүсүндө күтүлгөн тобокелчиликтер жана андагы көзөмөл органдарынын жоопкерчилиги тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев менен маек курдук.

Марал: Жаңы кодекстерди жалпы коомчулук жакшы биле бербейт. Жада калса, тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер деле толук кабардар эмес экени да айтылууда. Аларды ишке ашырууда бул жагдай эске алынабы?

Масалиев: Бул бир карап эле билип калгыдай бир мыйзам же мыйзамга жаңы бир сөздүн кошулуусу сыяктуу жеңил маселе эмес да. Бул жерде толук беш кодекс тууралуу сөз болууда. Ар биринин багыты, жоопкерчилиги ар башка. Бирок аны ар бир жаранга тааныштырып, үйрөтүү мүмкүн эмес. Ошондуктан коомчулукка жарыялангандан тарта ар ким өзү таанышып, билүүсү керек. 

Жалпысынан айтканда, жаңы кодекстерде карапайым жарандардан тарта баардыгы үчүн жеңилдиктер, жакшы шарттар каралган. 

Марал: Анда аталган кодекстер ишеп баштаган алгачкы жылдары бир топ эле кыйынчылыктар, тобокелдиктер болот окшойт…

Масалиев: Албетте, кыйынчылыктар болот. Жаңы мыйзам ишке киргенде бир топтоскоолдуктар жаралат. Аны окуп, үйрөнүп, сиңирүү убакыт алат. Кээ бир жерлерде адашуулар, кемчиликтер чыгуусу толук ыктымал. Аларды Жогорку Кеңеш жана тиешелүү органдар улам кароодон өткөрүп турат. Бирок баштаган соң аракет кылып, иштеп кетүүсүнө жол ачышыбыз керек. 

Мындан сырткары бул кодекстерди ишке ашырууга жооптуу болгон кызматкерлер тарабынан айрым кыянатчылыктар болуп, жаңылыгынан пайдаланып, өз кызыкчылыгына колдонуп кетүү ыктымалдыгы деле бар. Бирок көзөмөл жүргүзүп, ийне-жибине чейин мыкты үйрөнүп алсак маселе жаралбайт.

Марал: Жаңы кодекстердин ишке ашуусуна жооптуу болгон көзөмөл органдарынын аны аткарууга даярдыгы кандай?

Масалиев: Азыр сот, тергөөчүлөрдү окутуу жүрүп жатканы айтылууда. Менимче, теориялык жактан окуп-үйрөнгөнгө караганда иш жүзүндө практика менен айкалыштыруу маанилүү. Анткени турмушта катталган кырдаалдарга жараша ар бир берененин колдонулуусу жана маңызы жакшы ачыкталып, билинет. Жооптуу кызматкерлер өздөрү билбеген же күмөн санаган жагдайларда кодексти ачып карап, ошого жараша чечим чыгарып үйрөнүшөт. Албетте, барын жатка билип, ишти шыр алып кетүү дагы бир топ убакытты талап кылат.

-Рахмат. 

Copyright © 2017 Maral FM