Биз менен байланышыңыз

Президенттик балатыда Айтматов даңазаланды

Коом | 26 Дек 2018 | 1177 | 1

Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда жаңы жылдык балаты өттү.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониясында өткөн салтанатка өлкөнүн жети дубанынан жалпы 1100 бөбөк чогулду. Президенттик балатыга катышкандардын арасында мыкты окуучулар, сынактардын,олимпиадалардын, ар кандай мелдештердин жеңүүчүлөрү жана балдар үйлөрүнөн,ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер болду. Ошондой эле Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын балдары дагы катышты.

Салтка айлангандай,президентке балдардын атынан белек берүү милдети быйыл Азима менен Адилетке берилген.

Балдардын атынан Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн кызыл алма формасында кийизден жасалган белек берилди. Ошондой эле майрамдык программа улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сахналаштырып көрсөтүлдү. Алардын арасында бугу эне, Cейитти көрүүгө болот.

Президенттик балатынын негизги өзгөчөлүгү дагы Айтматовдун чыгармаларын балдарга таанытууга жана бөбөктөрдү мекенчиликке үндөөгө багытталганы көрүнүп турду. Аларга тогуз коргол сындуу улуттук оюн көрсөтүлүп, патриоттук багыттагы ырлар жаңырды.

Мындай салтанатка катышуу мүмкүмкүнчүлүгү Памирден келген Ооганбекке акыркы эки жылдан бери берилип келет. Бул жолу дагы жаңы президентти жанынан көрүүгө ашыгып келгенин айтып берди.

Мен Улуу Памирден келгем. Президенттик балатыга экинчи жолу катышып жатам. Мага абдан жакты. Президентти жанынан көрдүм. Келечекте мамлекеттин турмушун оңдош үчүн  премьер-министр болгум келет.

Ал эми президенттин демилгеси менен ачылган №71 мектеп интернатынан 167 бала келген. Ар жыл сайын мамлекет тараптан балдарга татыктуу билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келатканын мекеменин директору Рустам Атаев белгилейт. Быйыл дагы мамлекет тараптан балдар үчүн кышкы кийимдер алынып берилмекчи.

Биздин мектеп мамлекет тараптан камкордукка алынган. Ошондуктан биздин сурообуз жоопсуз калбайт. Балдар үчүн белектер ар дайым берилип турат. Быйыл дагы окуучуларга кышкы кийим алып берүү алдында турабыз.

Дал ушундай жылуулук балдарга ата-энечелик берилбесе дагы жакындарынан ажыраган наристелер үчүн чоң майрам болорун Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан Салтанат Жүйдөшова айтат.

Ош шаарында бир канча балдар үйлөрү бар. Быйыл президенттик балатыга алардын ичинен жакшы окугандарын алып келдик. Арасында тоголок, жарым жетим бардар бар. Андан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн чүрпөлөрү келди. Бул камкордук үчүн президентке ыраазычылыгымды билдирип кетем. Анткени биздин балдар бул майрамды чыдамсыздык менен ар жыл сайын күтүшөт.

Өз кезегинде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков балдарды кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, балдарга алып келген жомок китептерин жана таттууларын берди.

2019-жыл босогодо турат. Саналуу күндөрдөн кийин жаңы жыл келет. Мен силерди, бардык Кыргызстандагы балдарды чыдамсыздык менен күтүп жаткан майрамыңар менен куттуктайм! Бактылуу болгула! Ден соолугуңар чың болсун. Силер дагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдой элге кызмат кылган инсандардан болгула.

Ушул жылы 600 бала президент Сооронбай Жээнбековго кат жазды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, алардын көпчүлүгү китеп, таттууларды жана уюлдук телефон сурашкан. Акыркы жылдары өлкө башчыга кат жазган балдардын саны артып баратат.

Copyright © 2017 Maral FM