Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылда коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 547 | 0

Бишкекте 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 1-январына караган түнү коомдук таранспорттор түнкү саат 2ге чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Жарандар жаңы жылдык салтанатты көрүү үчүн Ала-Тоо аянтына төмөнкү троллейбус, автобус жана мартруттук таксилер менен барса болот.

Автобустардын жолдору:

— № 7: Дачалар — Аламүдүн 1 кичи району;

— № 9: Тынчтык конушу — Асанбай к.р;

— №38: 110 квартал — Асанбай к.р;

— №42: Ала-Тоо аянты — 12-к.р;

Троллейбустардын жолу:

— №2 (Аламүдүн 1 кичи району — Фрунзе заводу);

— № 4 — (Эт комбинаты — Тери заводу);

— № 7 (Тунгуч к.р — Ар-Өргө конушу);

— №8 (Ар-Өргө конушу — Лермонтов көч.);

— №10 (Асанбай — Фрунзе заводу);

— №14 (Жогорку Жал — Киркомстрой)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM