Биз менен байланышыңыз

Муркум студенттин үй-бүлөсү Пхеньяндан ири суммада акча талап кылууда

Дүйнө | 23 Дек 2018 | 506 | 0

Түндүк Кореяда камакка алынган соң каза болгон америкалык студенттин үй-бүлөсү  Пхеньяндан 1 миллиард доллардан ашык накталай акча талап кылууда.

Алардын пикиринде, Түндүк Кореянын өкмөтү америкалык студент Отто Вомбиерди мыйзамсыз камакка алган жана аны кыйноого алгандыктан каза тапкан. Алар ушул жылдын апрелинде АКШ сотуна Пхеньянга каршы доо арыз жазышкан. Эми доочулар арызга өзгөртүү киргизип, Түндүк Кореядан 1,05 млрд доллар талап кылып жатышат. Мындан сырткары маркум студенттин тарткан жазалары үчүн кошумча 46 млн доллар сурашууда.

Эске салсак, Түндүк Корея өкмөтү Отто Вомбиерди 2016-жылы өлкөдөн үгүт материалдарын алып кетүүгө аракет кылганы үчүн айып тагып, аны 15 жылга эркинен ажыраткан. Студент 1 жылдан соң АКШга өткөрүлүп берилген. Бирок 2017-жылы ооруканада каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM