Биз менен байланышыңыз

“Реал Мадрид” клубдар аралык дүйнө биринчилигинде чемпион аталды

Кыска кабар , Спорт | 23 Дек 2018 | 625 | 0

“Реал Мадрид” төртүнчү ирет клубдар аралык дүйнө биринчилигинде чемпион аталды.

Финалдык беттеш  22-декабрда уюштуруучу өлкөнүн чемпиону катары биринчилике катышкан Бириккен Араб Эмираттарынын “Аль-Айн” командасы менен “Реалдын” ортосунда орун алды. Беттештин биринчи бөлүгү Лука Модрич жана Маркос Льорентенин бирден голу менен 2:0 эсебинде мадриддиктердин пайдасына жыйынтыкталды.

Экинчи бөлүктүн 78-мүнөтүндө “Реалдын” капитаны Серхио Рамос командасына дагы бир упай алып келсе, 86-мүнөттө талаа ээлеринин оюнчусу Цукаса Сиотаниоюн эсеп айырмачылыгын 1 голго кыскартты. Бирок Яхья Надердин кошумча убакыттагы автоголу мадриддик команданы 4:1 эсебинде жеңишке жеткирди.

“Реал” ушуну менен тарыхта төртүнчү ирет чемпион болуп рекорд койду. Ал эми Барселона футболдук клубу өз тарыхында клубдар аралык дүйнө биринчилигинде 3 ирет чемпион аталган. 2018-жылкы клубдар аралык дүйнө биринчилиги Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айне жана Абу-Даби шаарларында 7 команданын катышуусунда өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM