Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Борбор Азия боюнча “Жылдын адамы” деп табылды

Дүйнө | 23 Дек 2018 | 490 | 0

Азия журналисттеринин бирикмесинин (AJA) Сеул шаарында жайгашкан штаб-квартирасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди “Жылдын адамы” деп атады. Бул тууралуу «The Korea Times» билдирет.

Маалыматка ылайык, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев «саясат» номинациясынын жеңүүчүсү болгон.

«Мирзиёев Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты улантуу жана тынчтыкты орнотууга аракет кылган. Ал 2016-жылдын декабрында президент болуп шайлангандан бери экономиканы ачык камсыз кылуу, ошондой эле адам укуктарын жакшыртуу боюнча саясатты өзгөртүп, саясий туткундарды бошотту», — деп айтылат маалыматта.

Башка номинациялар боюнча «LG Group» ишканасынын ардактуу төрагасы Ку Бон Му, белгилүү египеттик кардиохирург Магди Хабиб Якоб, футбол юоюнча машыктыруучу Пак Хан Со көрсөтүлгөн.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2019-жылдын жаз айларында Азия журналисттеринин бирикмесинин Башкы ассамблеясында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM