Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда мыйзам бузган ырчы 300 доллар айыппул төлөдү

Дүйнө | 23 Дек 2018 | 441 | 0

Тажикстандын түштүгүндөгү Шамсиддин Шохин райондук соту өзүнүн тамашалуу ырлары менен белгилүү ырчы Кадами Курбоновду 3 миң сомони (300 доллардан ашык) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди. Ал «Каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке салуу жөнүндөгү» мыйзамды бузган.

Райондук соттун маалыматына ылайык, Кадами Курбон уулунун үйлөнүү тоюнда бийчи кызга акча берген. Тажик мыйзамдары тойлордо жана салтанаттарда бийчилерге акча берүүгө тыюу салат.

«Кадами Курбондун акча берип жатканы тартылган видео интернетке жайгаштырылган. Сот аны он күндүн ичинде айыппул төлөөгө милдеттендирди. Ырчы соттун чечимине нааразылык билдирген жок»,— деп айтылат маалыматта.

48 жаштагы Кадами Курбон өзүнүн тамашалуу ырлары менен белгилүү. Анын Youtube сервисине жайгаштырган видеолорун жүз миңдеген колдонуучулар көрүшөт. Мындан тышкары ал уулу менен бирге тойлордо жана түрдүү салтанаттарда өнөр көрсөтүп келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM