Биз менен байланышыңыз

Жумгалда адам өлтүргөнгө шектүү окуянын чоо-жайын айтып берди

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 816 | 0

Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды, анын 4 жана 7 жаштагы небересин өлтүрүп, өрттөгөнгө шектүү катары кармалган 29 жаштагы Ш.К. аттуу жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөзматы билдирет. кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 21-декабрга караган түнү шектүү каза болгон аял менен спирт ичимдигин ичкен.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал 20-декабрь күнү 47 жаштагыА.Э. аттуу аял менен анын үйүндө саат 23:00 чамаларына чейин спирт ичимдигин ичкен. Аял мас болуп уктап калганда ал башка бөлмөдө уйкудан ойгонуп кеткен 4 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган. Ошол учурда жанында уктап жаткан 7 жаштагы И.А. аттуу бала ойгонуп кетип, шектүү баланы муунтуп өлтүрүп, андан соң кызды да тумчуктуруп өлтүргөн. Андан кийин шектүү мас абалында уктап жаткан 47 жаштагы аялды да муунтуп өлтүргөн. Жасаган кылмышын жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен оттун чокторун алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына коюп, анан качып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM