Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк Финчалгындоо кызматына сөөмөй кезеди

Экономика | 21 Дек 2018 | 881 | 0

Финансылык чалгындоо кызматы бардык банктардан эсеп жана ячейка ээлери тууралуу маалыматтарды талап кылууда.

«Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы туура эмес экенин билдирип чыкты.

Аталган кызматтын мындай аракети банк системасына болгон ишенимди жокко чыгарат. Мындан улам, текшерүүнү токтотуу талабы менен жогорку бийлик өкүлдөрүнө кат жөнөттү.

Өткөн аптанын соңунда биздин бирикмеге Финансылык чалгындоо кызматы тарабынан банктарга кат келгени кабарланды. Ал банктык ячейканын жана эсептердин кожоюндары боюнча болгон. Катта ошол ячейкалардын ээлеринин маалыматтарын 17-декабрга чейин бергиле деген талап коюлган. Өзүм катты колума алган жокмун. Бирок банктар оозеки айтышты. Угар замат чочудум. Дароо кечээ күнү Кыргызстандагы банктардын жетекчилерин чогултуп, бул маселени талкууладык. Юристтер дагы келди. Негизи мындай маселе көтөрүлбөшү керек эле. Карап көрсөк, эки мыйзам бузулуп жатат. Биринчиден, Конституциянын 26-29-беренелер жана Улуттук банк жөнүндөгү 131-берене бузулуп жатат. Ошондуктан бүгүн өлкөбүздүн жетекчилерине кат түрүндө кайрылуу жасадык. Азыр  жообун күтүп жатабыз. Эми туура чечилет деген үмүттөбүз.

Финансылык чалгындоо кызматынын коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы чын. Анткени үстүбүздөгү жылдын август айында террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого багытталган мыйзам долбоорун кабыл алынган. Мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетер алдында карап, 120 депутаттын 111 колдоп берген. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жарыялады.

Анын негизинде кызмат коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү сурап жатат. Негизги максаты банктык эсеп жана ячейкалар боюнча реестрди түзүү болуп саналат. Бирок коомчулукка так эмес маалымат тарап жатканын 21-декабрда аталган кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаев айтып чыкты.

Эми ачыкка чыгарбай турган купуя маалыматтын тарашы иликтөөгө алынат. Бул боюнча аталган орган укук коргоо органына кайрылды.
Коммерциялык банктарга берген каттын «өтө маанилүү» деген белгиси болгон. Бирок ага карабай интернет булактарына чыгып кетти. Бул маселе боюнча биз укук коргоо органдарына кайрылдык. Алар юридикалык баасын бериши керек. Катты коомчулукка жарыялагандар каттын маани-маңызын түшүнгөн жок дагы элге туура эмес маалымат таратып жатышат.

Мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетээр алдында карап, 120 депутаттын 111 колдоп берген.

Жалпы банктардан маалыматтын суралышын экономист Эркин Абдразаков аша чапкандык деп атап, банктын ички иштерине аралашкандык деген баасын берди.

Банктардын купуя сыры бар. Мыйзамда ошол жерди алып салмайын тиешелүү органдар себепсиз текшерүүгө алууга укугу жок. Ошондуктан Финансылык чалгындоо кызматы бул жолу аша чапты деп ойлойм. Экинчиден, коррупция менен маселеси боюнча деген шылтоо менен банктардын ички иштерине киришип жатат. Эми эл аралык финансылык уюмдардын ишениминен кетип калуу каркунучу туруп калды.

Бирок жалпы банктардан маалыматтарды талап кылуусу мыйзамсыз экенин Улуттук банк айтып чыкты. Банк башкармалыгын расмий өкүлү Аида Карабаева биздин редакцияга кайсы учурда банктардагы маалыматтар берилүүгө тийиш экендиги жөнүндө мыйзам менен тааныштырды.

Мыйзамда банктагы сыр кимге жана кандай учурда берилүүгө тийиш экендиги тууралуу так жазылган. Банк жана банктын иштердиги жөнүндө мыйзамга ылайык, эң биринчи Улуттук банк коммерциялык банктардан маалыматты алууга укугу бар. Анткени ал банктардын ишин көзөмөлдөөчү орган болуп эсептелет. Ошондой эле Финансылык чалгындоо кызматына дагы берилиши мүмкүн. Бул орган террористтик жана экстремистик уюмдарды каржылоого каршы тууруу боюнча иш алып барат. Үчүнчү бул — салык кызматы. Эгер салык жакка тиешелүү маселе жаралса. Төртүнчү, мураскерге жана сотторго берилүүсү ыктымал. Бирок Финансылык чалгындоо кызматынын жалпы банктардан мындай маалыматты сураганы мыйзамга каршы келет. 

Белгилей кетсек, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматтын банктарга жиберген каты бүгүн, 18-декабрда интернетке жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылган. Анда мындай иш-аракеттер «Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү» боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM