Биз менен байланышыңыз

Тейлөөнүн 189 түрү электрондук форматта көрсөтүлүшү керек

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 708 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу чечимдерин ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда ал өлкөнү санариптештирүүдө «Түндүк» долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эскертти.

Бизнес жана жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнүн 189 түрү электрондук форматта көрсөтүлүшү керек. Бирок жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча «Түндүк» тутумуна өз убагында кошулууга бардык мамлекеттик органдар аракет көрбөй жаткандыгы айтылды.

«Жыл жыйынтыгы боюнча бул багытта ким, кандай иштеп жатканы жана эмне иштер аткарылганы тууралуу белгилүү болот. Биз электрондук түргө баскыч-баскычы менен өтүүгө тийишпиз, себеби бул коррупцияны жеңүүгө жана экономиканы жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга көмөк берет»- дейт Абылгазиев.

2019-жылдын 1-июлуна чейин бардык мамлекеттик органдарга маалыматтар базасын синхрондоштуруу менен «Түндүк» тутумуна кошулууну камсыздоо тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM