Биз менен байланышыңыз

Баткендиктер президенттен өрүктү экспорттого жардам берүүнү суранды

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 743 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Баткенден келген журналисттин өрүктү Орусияга экспорттолуусуна жардам берүүсү тууралуу суроосуна жооп берди.

Ал өрүктү кайра иштетүүгө кызыккандарга колдоо көрсөтүлүп, бул багытта иш алып барган ишкерлерге акча бөлүнөрүн айтты. Президент убадалагандай, кайра иштетилген өрүктү сыртка алып чыгууга жардам көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын абалын жакшыртуу боюнча да суроо болду.  Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Баткенге бул телеканал керек экендигин, анын абалын жакшыртуу маселеси караларына убада берди.

Ал мындан тышкары, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жасалган иштерди тизмектеп, өлкөгө келген грант, насыялар аймактарга жумшаларын айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM