Биз менен байланышыңыз

Пакыров: Ишкер текшерүүдөн толук бошотулган жок

Күн чекит , Экономика | 18 Дек 2018 | 1419 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мораторий 1-январдан тарта күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт. Эми бул токтом ишкерлерге эмне берет? Бул тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров суроолорго жооп берди.

-Мораторийдин киргизилишин кандай кабыл алдыңыз?

Бул жаңы өкмөттүн ишкердик тармакта чечкиндүү кадамы катары кабыл алынып жатат. Долбоор көптөн бери бизнес коомчулук менен талкууланып, бир катар кадамдар жасалган. Эми биз 2019-жылдан тарта он мамлекеттик орган ишкерлерди текшербей калат. Бул бизнести өнүктүрүүнүн керектүү кадамдары деп айтканбыз. Бирок бул жерде текшерүүгө мораторий киргени менен анын жанында мониториг деген түшүнүк пайда болуп калды. Мында ишкерлер текшерүүдөн толук бошотулбайт. Мониторинг аркылуу көзөмөлдөп турабыз дешүүдө. Мында текшерүүлө кандайдыр бир кемчиликтер чыкса, санкция колдонбой кеңеш берүү менен чечилет деп айтылууда. Биз муну аябай талкууладык. Мониторингди кимдер кылат? Кандай текшерүү болот деген суроолор көп болду. Бирок текшерүү процессиндеги көйгөйлөр канчалык кыскарат? Бул суроого толук жооп ала алган жокпуз.

Буга чейин деле ишкерлерге карата ар кандай чектөөлөр алынып келгени белгилүү. Эми бул жолкусунда жыйынтык бериши мүмкүнбү?

Албетте, бул жерде сөзсүз жыйынтыктар болот. Бирок изденген ишкерлерге гана. Жалпы алып карасак, чоң жыйынтык алып келет дегенге ишене албайм.

Эми көмүскөдө иш алып барган ишкерлерди ачыкка чыгуусун шарттайбы?

Бул жерде бюрократиялык жактан кыскарууларды көргөн жокпуз. Бир гана административдик жактан жеңилдтиктерди күтүп жатабыз. Бирок ишкерлерге көмүскөдөн чыгуу жаатында шык берүүчү кадамдар каралган эмес.

Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM