Биз менен байланышыңыз

Абдраев: Чалгындоо кызматынын талабы банктарга болгон ишенимди жоготот

Экономика | 18 Дек 2018 | 900 | 0

Кыргызстандын банктар союзу  Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы туура эмес экенин айтып чыгышты.

Аталган кызматтын мындай аракети банк системасына болгон ишенимди жокко чыгарат деп жатат.

Бул боюнча кырдаалды чечүү өтүнүчү менен өкмөткө кат жолдонду. Маселенин чоо-жайын Кыргызстан банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев «Күн чекит» программасында айтып берди.

Анвар мырза, Финансылык чалгындоо кызматы банктардан кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылып жатканы айтылды. Негизги жүйөсү эмне болуп жатат?

Өткөн аптанын соңунда биздин бирикмеге Финансылык чалгындоо кызматы тарабынан банктарга кат келгени кабарланды. Ал банктык ячейканын жана эсептердин кожоюндары боюнча болгон. Катта ошол ячейкалардын ээлеринин маалыматтарын 17-декабрга чейин бергиле деген талап коюлган. Өзүм катты колума алган жокмун. Бирок банктар оозеки айтышты. Угар замат чочудум. Дароо кечээ күнү Кыргызстандагы банктардын жетекчилерин чогултуп, бул маселени талкууладык. Юристтер дагы келди. Негизи мындай маселе көтөрүлбөшү керек эле. Карап көрсөк, эки мыйзам бузулуп жатат. Биринчиден, Конституциянын 26-29-беренелер жана Улуттук банк жөнүндөгү 131-берене бузулуп жатат. Ошондуктан бүгүн өлкөбүздүн жетекчилерине кат түрүндө кайрылуу жасадык. Азыр  жообун күтүп жатабыз. Эми туура чечилет деген үмүттөбүз.

Мынтип Чалгындоо кызматтын текшерем дегени жарандардын банк системасына болгон ишенимин азайтып салбайбы?

Менин оюмча, бул туура эмес. Түздөн-түз мыйзамга каршы келет. Анткени накталай эмес эсептешүүлөргө өтүү боюнча мамлекеттин саясаты бар эле. Бул жаатта Кыргызстандагы банктар беш жыл ичинде республиканын баардык аймагына банк терминалдарын жеткирүү планы коюлган. Бүгүнкү күнү биз ушул жол менен иштеп баратабыз. Бирок минтип Финансылык чалгындоо кызматы жиберген билдирүү бул саясатка таптакыр каршы келет. Анткени мындан кийин накталай эмес эсептерди колдонуудан эл чочулап калат.   

-Негизи банкта купуя сыр сакталышы керекпи?

Албетте! Конституциянын 131-беренесинде банктык купуя жөнүндө пунктар бар. Ал жерде банктар ячейка жана эсептер тууралуу маалыматтарды кимдерге берүүгө укугу бар дагы кимдерге жок экени так көрсөтүлгөн. Бирок аталган кызмат эсептерде канча сумма бар экенин сурабаганын айтууда. Бирок бакнтар мындай маалыматтарды берүүдөн да чочулап турушат. Анткени ошол маалымат андан ары кайда кете турганы белгисиз. Бул дагы бизге дагы эле табышмак бойдон.  

Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM