Биз менен байланышыңыз

Финансылык чалгындоо кызматы банктардан мүлк сактаган кардарлар тууралуу маалыматтарды талап кылууда

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 1096 | 0

«Кыргызстандын банктар союзу» биримдигинин президенти Анвар Абдраев «Марал» радиосуна берген маегинде Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы туура эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматтын мындай аракети банк системасына болгон ишенимди жокко чыгарат.

Абдраев бул боюнча кырдаалды чечүү өтүнүчү менен өкмөткө кат жазды.

Маалым болгондой, 17-декабрда банктын өкүлдөрү менен аталган маселеле боюнча жолугушуу өткөн.

Белгилей кетсек, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматтын банктарга жиберген каты бүгүн, 18-декабрда интернетке жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылган. Анда мындай иш-аракеттер «Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү» боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн.

Андан сырткары банктык эсеп жана ячейкалар боюнча реестрди түзүү коммерциялык банктардан Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын аналитиктери тарабынан маалымат алуунун эффективдүүлүгүн өстүрө турганы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM