Биз менен байланышыңыз

Сүлүктүдө жер талаш күчөдү

Коом | 14 Дек 2018 | 863 | 0

Сүлүктү шаары сел коркунучу опурталдуу аймактарга кирет. Жыл сайын табият кырсыгы чоң материалдык чыгым алып келип, адам өмүрүнө коркунуч туудурган учурлар болуп келүүдө. Бүгүнкү күндө дал ушундай өмүргө коркунуч туудурган аймакта 30 дан ашуун кожолук жашап келет. Сүлүктү шаарында 1 жарым миңден ашуун жаран турак жай куруу үчүн жер тилкесине кезекте турушса, 500 жаран батирге кезекте турушат. Сүлүктү шаарынын калкына Лейлек районунун аймагынан каралган 41 гектар жер тилкесин турак жай үчүн алып берүүгө мүмкүн болбой келет. Анткени шаардык мэрия 41 гектар жер тилкесин 2015-жылдын 10-февралындагы Өкмөттүн токтому менен жайыт жерден калктуу конушка трансформациялап келген. Ал эми ошол жерди 2017-жылдын 18-августунда Лейлек районуну Тогуз-Булак айыл аймагынын башчысы 322 жарганга турак үй курууга токтом чыгарып салган. Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаары менен Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын ортосунда талаш коомчулукта чоң талкуу жаратууда.

Сүлүкү шаарынын тургуну Умарали Абдрасулов турак үй куруу үчүн көп жылдардан бери жер тилкесине муктаж. Шаардык мэрияга кезекте турган менен бул көйгөй али күнгө чейин чечилбей келет. Мунун арты менен шаар калкы туулуп өскөн жерин таштап, чет жерге кетүүдө.

Бул жакта жер жок болгондуктан, жаштар Орусияга, Казакстанга кетип жатышат. Облус боюнча эң көп Сүлүктү шаарынан кетишкен. Башка айла жок. Жер жок болгондуктан, үй-бүлөдө да чыр-чатактар чыгып, ажырашууга чейин барып жатышат. Ошондуктан биздин негизги көйгөйүбүз — жер маселеси.

Сүлүктү аймагы эзелтеден көмүр казуу жайы катары маалым. Аймакта 1868-жылдан тарта көмүр кеңири масштабда казыла баштаган. Акыркы убакта жер көчүү коркунучу бар кооптуу аймак катарында турат. Бүгүнкү күндө 24 миңге жакын калкы бар Сүлүктү шаарында 1 жарым минден ашуун жаран турак жай куруу үчүн жер тилкесине кезекте турушат. Ал эми 30 дан ашуун кожолук жер көчкү коркунучу бар аймакта жашагандыктан көчүрүүгө муктаж. Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаровдун айтымында, тургундарга жер бөлүп берүү үчүн жер маселеси чечилбей жатат.

Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы 41 гектар жер аянты бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. Ал жер 1991-жылы Сүлүктү шаарына берилип, кичи шаар курулуусу керек болчу. Бүгүнкү күндө 63 гектар жерде Сүлүктүдөн көчүп баргандар жашап жатышат. Ал эми калган 41 гектар жер талаш жаратууда.

1991-жылы Сүлүктү шаарында табигый кырсыктан, башкача айтканда, жер көчкү жана сел жүрүүдөн улам шаар тургундарын башка жерге көчүрүү үчүн Өкмөттүн 1991-жылдын 11-октябрындагы буйругу жана 1993-жылдын 14-октябрында токтому кабыл алынган. Анын негизинде Сүлүктү шаарынын калкына Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынан 114 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал жердин 114 гектардын 63 гектарына ошол учурдан баштап Сүлүктүдөн эл келип, отурукташа баштаган.  Жер там алууга жарандар тарабынан муктаждык көп болгондуктан, калган 41 гектар жер тилкесинда КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралында №49 токтому менен жайыт жерден калктуу конушка трансформациялоо боюнча дагы кошумча чечим чыгарылган. Мурдагы Сулукту шаарындагы муниципиалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Жалил Арапов токтомду жокко чыгарбай туруп, 2017-жылдын 18-августунда Лейлек районуну Тогуз-Булак айыл аймагынын башчысы 322 жарганга турак үй курууга токтом чыгаргандыгын айтат.

Өз кезегинде Исфана шаарында Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын, Сүлүктү шаардык мэриясынын катышуусунда атайын жыйын өткөрүлүп, баары макулдугун беришкен.

Бул боюнча Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары Абыкасыт Исаев төмөнкүлөргө токтолуду.

-КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралында №49 транформациялоо боюнча токтомунда Сүлүктү шаарына берилсин деп айтылган эмес. Жөн гана  жайыт жерден калктуу конушка которулсун деген гана чечим жазылган. Эгерде Сүлүктү шаарынын калкы үчүн деп белгиленгенде анда башкача болмок.

Ал эми Сулукту шаардык мэриясынын юристи  Ибадат Осмонованын айтымында, Сүлүктү-Лейлек аймактык кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгын, Тогуз-Булак айыл аймагы бөлүп берилген жер тилкелерине жарандардын менчик укугуна милдеттүү түрдө каттоо үчүн Баткен облустук райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылган. Ал сот чечими менен макул эместигин  айтат.

-Сүлүктү шаардык мэриясын үчүнү тарап кылып сотко катыштырган жок. Анткени далил документтердин баары бизде болгон. Ошондуктан соттук териштирүү эки тараптуу эмес, бир тараптуу карап 2018-жылдын 8-августунда мыйзамсыз чечим кабыл алды. Ал эми апелляциялык тартипте каралган соттук отурумдарда Өкмөттүн 1991-жылдын 11-октябрындагы  №363 буйругу жана 1993-жылдын 14-октябрындагы №493 токтомдору мыйзамдуу күчүндө тургандыгына карабастан, биз тараптан келтирилген далилдерге көңүл бурбай 2018-жылы аныктама чыгарып, канааттандыруусуз калтырды.

Мына ошондуктан бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарынын калкы акыйкаттык издеп жатышат. Баткен облусунун райондор аралык сотунун чечими жана Баткен облустук соттук  коллегиясынын аныктамасы эл талабын эске албай калгандыгына нааразы болушуп, Жогорку Соттон үмүт артышууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM