Биз менен байланышыңыз

Президент: айрым жетекчилер жумуш убактысында тойго кетип калышат

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 468 | 0

Президент жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин жумуш убактысында тойго барууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңештин жыйынында айтты.

Ал мамлекеттик органдардын башкы максаты — элге кызмат көрсөтүү экендигин белгиледи.

«Биз «Түндүк» жана башка тутумдарды ишке киргизип жатабыз. Санариптүү келечек аркылуу бюрократия, коррупцияны жоюп, ачык коомду түзөбүз. Бирок, ага тоскоол болгон жагдайлар бар. Айрым мамлекеттик кызматкерлер дагы эле алардын бакшы максаты сапаттуу тейлөө экенин түшүнүшпөйт. Региондордо кээ бир жетекчилер кабинетин жаап, тойго кетип калат. Ушундайлар дагы бар», — деди президент.

Бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда өлкөнү санариптештирүү маселеси талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM