Биз менен байланышыңыз

Канатбек Азиз: Кош жарандуулукту аныктоого мүмкүн эмес

Күн чекит | 13 Дек 2018 | 961 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламент депутаттарынын кош жарандыгын текшерип чыгуу сунушун берди. Ал бүгүнкү жалпы жыйында мамлекеттик кызматкерлер арасында кош жарандыгы барларды аныктап, аларды мыйзам алдында ачыкка чыгаруу жана жарандыгынан ажыратуу керектигин белгиледи.

Дал ушул демилгенин ишке ашуусу канчалык реалдуу? Юридикалык жагын юрист Канатбек Азиз менен «Күн чабыт» программасында талкууладык.

Буга чейин Казакстанда кармалган депутаттын кош жарандыгы аныкталды, кийин Ош шаарынын мэринин кош жарандуулугу бар деп айтылып жүрөт. Бүгүнкү күнү текшерүүгө алууга зарылчылык жогору болуп калдыбы?

Азыркы күндө, тилекке каршы, бизде  жана башка мамлекеттерде укук механизмдери жок. Ошондуктан практика көрсөтүп жатат. Айрым саясатчылардан мындай көрүнүштөр аныкталып чыгып жатат. Бирок биздин тийиштүү органдар ошол өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарга кайрылуу жөнөткөндө бир дагы мамлекет жооп бербейт. Ошону билип туруп бүгүн депутаттар ушул маселени көтөрүп жатышат.

-Демек депутат көтөрүп чыккан демилге ишке ашпай турган гана маселеби? Дегеле аныктап чыгууга мүмкүнбү?

Эгер ачык айтсам. Жарандыкты алган адам чет өлкөнүн жараны деп эсептелбейт. Кыргызстандын эле толук конституциялык укуктары бар деп эсептелет. Бирок аны аныктап чыгууга критерийлер жок болгон соң ишке ашыруу өтө кыйын. Ошондуктан мен толук ишке ашып кетерине күмөн санайм.

Бул аракет мыйзамсыз болуп калбайбы?

Албетте, мыйзамсыз болуп калышы дагы мүмкүн. Эгер чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын жарандыгын алса, ал Кыргызстандын жараны болуп эсептелет. Эгер башка өлкөнүн жараны экендиги аныкталса эмне болот? Албетте, эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондуктан бул жерде бул демилгенин негизги максатын түшүнгөнүм жок. Бул ишке ашпай турган демилге. Анткени бул бир эле Кыргызстандын чечими менен ишке ашып калбайт.

-Маегиңизге рахмат!  

 

 

Copyright © 2017 Maral FM