Биз менен байланышыңыз

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 537 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Ага ылайык:

— өлкөдө ишкердик менен алектенген субъектилер салыктык каттоого жатат. Ошондой эле алар салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

—окуучуларга жана студенттерге төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM