Биз менен байланышыңыз

Президент: Айтматов академиясы түзүлөт

Билим-маданият | 12 Дек 2018 | 808 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынга катышты. Анда президент Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, театралдаштырылган программага күбө болду. 90 жылдыкка арналган жыйынтыктоочу иш-чарада өлкө башчы Айтматов академиясы жана маданият борбору түзүлө турганын да кабарлады.

Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара менен коштолду. Ага катышкан өлкө башчы жазуучунун бир гана кыргыз элинде эмес, дүйнө элинин журөгүнөн орун алып, жазган чыгармалары, калтырган осуяттарына бүгүнкү күндө муктаждык бар экенин баса белгиледи.

Айтматовдун 90 жылдыгы — улуу жазуучунун өзүнүн гана элесине арналган маараке эмес — жалпы элдик духтун, улуттук ар-намыстын,  мекенчилдик сезимдин салтанаты. Биздин жалпыбыздын майрамыбыз!

«Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбой турганын айткан президент, улуу жазуучу бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалаганын билдирди.

Чыңгыз Айтматов — кыргыз инсаны дүйнөлүк интеллектуалдык атаандаштыкта тең таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди. Чыңгыз Төрөкулович — кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо алаарын тастыктады. Айтматовдун улуулугу ушунда — бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалады.

Айтматовдун чыгармалары өзүндөгү философиялык, адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн өзгөчөлүгү менен таасирдүү. Мына ошол Айтматовдун айтып кеткен аманат сөздөрүн, акылын эстеп, аткаруу учурдун талабы, деди президент.

-“Бул дүйнөдө адамдан адамга, муундан муунга өткөн акыл-эс гана түбөлүктүү. Аны жоготуп алса, адамзат да жоголот», — деп айткан. Чыңгыз Төрөкулович «Адамга эң кыйыны — күн сайын Адам болуу. Адамдын абийири күн сайын сыноого түшөт», — деген. Адам болуу, адамдыктын идеалын сактоо, анын ыйман тазалыгына умтулуу — бул жазуучунун ыймандык кодекси. Бул сөздөр жазуучунун бизге калтырган аманат сөзү, аманат акылы.

Ошондой эле, “Манас” маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов рухубуздун туу чокусу деген президент “Айтматов жана Манас” академиясы түзүлөрүн кабарлады.

Келечекте Айтматов маданий борбору курулат. Азыр жазуучунун кичи мекени — Шекер айылында Чыӊгыз-Ордо комплексинин курулушу башталды. Эми, урматтуу мекендештерим, Бишкектин борборунда, Раззаков көчөсүндө китепкана деп салынган жаӊы имараттын базасында “Манас жана Айтматов академиясын” түзүү чечимин кабыл алдык.

Өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов бир гана Кыргызстан элин гана эмес, дүйнө элдерин ынтымакка үндөгөнүн айткан өлкө башчы, ушул 90 жылдыктын алкагында дүйнө жүзүндө ар кандай иш-чаралар болгонун баса белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM