Биз менен байланышыңыз

Шевченконун жалпы гонорары 130 миң долларды түздү

Кыска кабар , Спорт | 10 Дек 2018 | 676 | 0

Канаданын Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинде чемпиондукка жеткен кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун жалпы гонорары 130 миң долларды түздү. Ал беттеш үчүн 130 миң доллар, Reebok компаниясынан демөөрчүлүк катары 30 миң долларга ээ болду.

Мындай маалымат UFC уюмунун расмий сайтында жарыяланды.

Эске салсак, UFC 231 мелдешинин алкагында Валентина Шевченко польшалык Йоанна Енжейчик менен кездешип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен.

Валентина ушуну менен мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында бул наамга россиялык Хабиб Нурмагомедов татыган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM